География:ЧЫГЫШ СӨӨК КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ЧЫГЫШ СӨӨК КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңиртоодогу Карамойнок ж-а Жумгал тоолорунун аралыгында. Сөөк суусунун аккан багыты б-ча батыштан чыгышка 50 кмге созулуп жатат. Кочкор ж-а Жумгал р-нун аймагында. Таманынын жазы жери 2–3 км, кууш жери 500–1000 м. Деңиз деңг. 2300–2900 м бийиктикте. Шиленди ж-а аккумуляция тектерин суу жеп кетишинен пайда болгон. Негизинен V формасындагы капчыгай. Гранит-диорит, сиенит ж. б. интрузия тектеринен турат. Капчыгайдын таманына талаа ж-а шалбаалуу талаа, тоо беттеринде бадал аралашкан талаа, айрым жерлеринде шалбаа (3000 мге чейинки бийиктикте), андан жогорку субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Капчыгайдын төрүнө чейин авт. жолу жетет. Жайкы жайыт.