География:ЧОҢБЕТ КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)

1-сап: 1-сап:
— Түп өрөөнүнүн бир бөлүгү; Күнгөй Алатоонун Сарытологой тармагы м-н Тескей Алатоонун этегиндеги Чааржон бөксө тоосунун ортосундагы өткөөл капчыгай. Чоңбет суусунун ортоңку агымында. Уз. 13 км. Капчыгайдын оң капталы тик (45–60°ка чейин) ж-а бийик (1000–1300 мге чейин), Түптүн оң куймаларынын кууш сайлары бар. Капчыгайдын сол капталы тик (40–45°ка чейин), бирок жапыз (бийик жери 2391 м), бадал ж-а карагай токойлуу. Капчыгай морфологиясы б-ча экиге бөлүнөт: төмөнкү кыска бөлүгү (уз. 2 км) өтө кууш (150–300 м), капталдары тик (45–50°ка чейин), бирок анча терең эмес (300–400 м); Түп суусу Чоңбет бөксө тоосунун батыш бөлүгүн кесип өткөн жерге туура келет. Капчыгайдын жогорку бөлүгүнүн (уз. 10 кмден ашык) капталдары тик (45–50°ка чейин), терең (400–500 мден 1200 мге чейин), бирок таманы көп жерде жазы (500 мге чейин), жайылмага айланат. Күнгөй Алатоонун капталдары негизинен палеозойдун кристаллдуу тоо тектеринен, ал эми Чоңбет бөксө тоосу, Сарытологой дөңсөөсү неогендин кызыл, неогендин бозомтук чөкмөлөрүнөн турат. Таманына аллювий, пролювий чөкмөлөрү топтолгон. Күнгөй Алатоонун түш. капталын тоолуу шалбаа, карагайлуу шалбаа, субальп, альп, Чоңбет бөксө тоосунун капталдарын дээрлик бүт токой (шренк карагайы ж-а бадалдар) ландшафтты ээлейт. Капчыгайдын таманы туташ токой (шренк, карагай, тал, түрдүү бадалдар) тилкесинен турат. Жайкы жайыт, токой чарбасы, чабынды ж. б. жерлери бар. Капчыгай аркылуу Каракол – Кеген – Алматы авт. жолу өтөт. Туризмге, жайкы эс алуу жайларын курууга ылайыктуу жер.
ЧОҢБЕТ КАПЧЫГАЙЫ — Түп өрөөнүнүн бир бөлүгү; Күнгөй Алатоонун Сарытологой тармагы м-н Тескей Алатоонун этегиндеги Чааржон бөксө тоосунун ортосундагы өткөөл капчыгай. Чоңбет суусунун ортоңку агымында. Уз. 13 км. Капчыгайдын оң капталы тик (45–60°ка чейин) ж-а бийик (1000–1300 мге чейин), Түптүн оң куймаларынын кууш сайлары бар. Капчыгайдын сол капталы тик (40–45°ка чейин), бирок жапыз (бийик жери 2391 м), бадал ж-а карагай токойлуу. Капчыгай морфологиясы б-ча экиге бөлүнөт: төмөнкү кыска бөлүгү (уз. 2 км) өтө кууш (150–300 м), капталдары тик (45–50°ка чейин), бирок анча терең эмес (300–400 м); Түп суусу Чоңбет бөксө тоосунун батыш бөлүгүн кесип өткөн жерге туура келет. Капчыгайдын жогорку бөлүгүнүн (уз. 10 кмден ашык) капталдары тик (45–50°ка чейин), терең (400–500 мден 1200 мге чейин), бирок таманы көп жерде жазы (500 мге чейин), жайылмага айланат. Күнгөй Алатоонун капталдары негизинен палеозойдун кристаллдуу тоо тектеринен, ал эми Чоңбет бөксө тоосу, Сарытологой дөңсөөсү неогендин кызыл, неогендин бозомтук чөкмөлөрүнөн турат. Таманына аллювий, пролювий чөкмөлөрү топтолгон. Күнгөй Алатоонун түш. капталын тоолуу шалбаа, карагайлуу шалбаа, субальп, альп, Чоңбет бөксө тоосунун капталдарын дээрлик бүт токой (шренк карагайы ж-а бадалдар) ландшафтты ээлейт. Капчыгайдын таманы туташ токой (шренк, карагай, тал, түрдүү бадалдар) тилкесинен турат. Жайкы жайыт, токой чарбасы, чабынды ж. б. жерлери бар. Капчыгай аркылуу Каракол – Кеген – Алматы авт. жолу өтөт. Туризмге, жайкы эс алуу жайларын курууга ылайыктуу жер.

[[Category:География, Тармактык Энц]]

[[Category:География, Тармактык Энц]]

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска