География:СОКУЛУК КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
СОКУЛУК КАПЧЫГАЙЫ Кыргыз Алатоосунун түн. капталында. Чыгышы Жыламыш, батышы Аксуу суу бөлгүчтөрү м-н чектешет. Аянты 429 км2, уз. 31 км. (Ташбулактан жогору). Жазылыгы жогорку бөлүгүндө 22 км, төмөн жагында 9 км. Капчыгайдын таманы деңиз деңг. 1400– 3000 м, жабык төрлөрдүн кыры 4100 м бийиктикте. Суу бөлгүчтөрүнүн орт. бийикт. 3700 м, эң бийик жери Туюк (4446 м) ж-а Кичитөрдүн башында (4316 м). Капчыгайдын салыштырмалуу тереңдиги 900– 2200 м, таманы кууш 50–200 м, капталдары тик 35–90°. Рельефи татаал. Байыркы мөңгүлөрдүн ж-а суунун аракетинен пайда болгон. Сокулук ж-а анын куймаларынын жогорку бөлүгү тепши сымал өрөөндөрдөн туруп, азыркы мөңгүлөр м-н капталган тик капталдуу, аскалуу жабык төрлөр м-н бүтөт. Бул өрөөндөрдүн этегинде суу эрозиясынан пайда болгон V сымал кууш капчыгайлар кездешет. Капчыгайдын капталдарында кууш ж-а терең жылгалар бар. Ташбулак кыш-нан түндүктү карай капчыгай кенен (1–3 км) өрөөнгө өтүп, эндүү аккумуляциялык тектирлерди пайда кылат. Өрөөндүн капталдары плиоцендин шагыл, кумдук ж-а чопо тоо тектеринен туруп, деңиз деңг. бийикт. 1780 м, жазылыгы 9–12 км. Капчыгайдагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 57,9 км2; кар чеги 3500–3900 м. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –8°С ...–14°С, июлдуку 12,1–8,5°С. Жылдык жаан-чачыны 500–600 мм. Топурагы ж-а өсүмдүктөрү бийиктик б-ча өзгөрөт. Деңиз деңг. 800– 1300 м бийикте жарым чөл (акшыбак, каракыяк, эфемер; чычырканак, караган ж. б.), 1000–1800 мде бийик чөптүү талаа (карындыз, кызылот, карашыбак, тоо сойгок ж. б.), 1800–2700 м бийикте бадалдуу арча токойлуу шалбаалуу талаа ж-а шалбаа 2700–3500 м бийикте субальп ж-а альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. 3500 мден жогору гляциалдык-нивалдык зона жатат. Сокулук ашуусу аркылуу Суусамыр м-н Чүй өрөөнү байланышат. Өрөөндүн төмөнкү бөлүгү дыйканчылыкта, жогорку жагы кышкы ж-а жайкы жайыт катары пайдаланылат. Өрөөндө Ташбулак, Конуш, Саз, Биринчимай, Арал ж. б. кыш. жайгашкан.