География:КЫРККЕЧҮҮ (КЫРККЕЧИК) КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)

1-сап: 1-сап:
Карасуу р-нун аймагында. Алай кырка тоосунун түн. капталында, Кырккечүү (Акбууранын оң куймасы) суусу аккан багытта түштүктөн түндүккө карай 40 кмге созулат. Таманынын жазы жери 3–3,5 км, кууш жери 300–500 м; жапыз жери 1250–1260 м, бийик жери 2700–2800 м бийиктикте. Капчыгай суу эрозиясынан ж-а үбөлөнүү процессинен пайда болгон. Девон м-н карбондун кумдук, акиташ, алевролит, конгломерат ж. б. тоо тектеринен турат. Капчыгайдын төрү тепши сымал келип, байыркы мөңгүнүн таасиринен пайда болгон рельефтин формалары кездешет.
КЫРККЕЧҮҮ (КЫРККЕЧИК) КАПЧЫГАЙЫ Карасуу р-нун аймагында. Алай кырка тоосунун түн. капталында, Кырккечүү (Акбууранын оң куймасы) суусу аккан багытта түштүктөн түндүккө карай 40 кмге созулат. Таманынын жазы жери 3–3,5 км, кууш жери 300–500 м; жапыз жери 1250–1260 м, бийик жери 2700–2800 м бийиктикте. Капчыгай суу эрозиясынан ж-а үбөлөнүү процессинен пайда болгон. Девон м-н карбондун кумдук, акиташ, алевролит, конгломерат ж. б. тоо тектеринен турат. Капчыгайдын төрү тепши сымал келип, байыркы мөңгүнүн таасиринен пайда болгон рельефтин формалары кездешет.
Ортоңку бөлүгү кууш, айрым жерлери тик, антецедент формасында. Төмөнкү бөлүгү кеңейип, бир нече тектирди пайда кылат да Акбуура суусунун өрөөнүнө өтөт. Ландшафтында талаа (2200 мге чейин), арча токойлору ж-а бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2200–2800 м) басымдуу. Таманында бадалдуу токойлор кездешет. Капчыгай аркылуу жайкы жайытка мал айдалат.
Ортоңку бөлүгү кууш, айрым жерлери тик, антецедент формасында. Төмөнкү бөлүгү кеңейип, бир нече тектирди пайда кылат да Акбуура суусунун өрөөнүнө өтөт. Ландшафтында талаа (2200 мге чейин), арча токойлору ж-а бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2200–2800 м) басымдуу. Таманында бадалдуу токойлор кездешет. Капчыгай аркылуу жайкы жайытка мал айдалат.

[[Category:География, Тармактык Энц]]

[[Category:География, Тармактык Энц]]

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

КЫРККЕЧҮҮ (КЫРККЕЧИК) КАПЧЫГАЙЫ Карасуу р-нун аймагында. Алай кырка тоосунун түн. капталында, Кырккечүү (Акбууранын оң куймасы) суусу аккан багытта түштүктөн түндүккө карай 40 кмге созулат. Таманынын жазы жери 3–3,5 км, кууш жери 300–500 м; жапыз жери 1250–1260 м, бийик жери 2700–2800 м бийиктикте. Капчыгай суу эрозиясынан ж-а үбөлөнүү процессинен пайда болгон. Девон м-н карбондун кумдук, акиташ, алевролит, конгломерат ж. б. тоо тектеринен турат. Капчыгайдын төрү тепши сымал келип, байыркы мөңгүнүн таасиринен пайда болгон рельефтин формалары кездешет. Ортоңку бөлүгү кууш, айрым жерлери тик, антецедент формасында. Төмөнкү бөлүгү кеңейип, бир нече тектирди пайда кылат да Акбуура суусунун өрөөнүнө өтөт. Ландшафтында талаа (2200 мге чейин), арча токойлору ж-а бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2200–2800 м) басымдуу. Таманында бадалдуу токойлор кездешет. Капчыгай аркылуу жайкы жайытка мал айдалат.