География:ДӨДӨМӨЛ—АКШЫЙРАК КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
ДӨДӨМӨЛ—АКШЫЙРАК КАПЧЫГАЙЫ — Ички Теңиртоодогу кууш капчыгай. Дөдөмөл ж-а Акшыйрак тоолорун Нарын д. кесип өткөн жерде. Тогузторо ж-а Акталаа р-нун аймагында. Уз. Алабуганын чатынан (Нарындын сол куймасы) Каракайыңдын чатына чейин (оң куймасы) 50 км. Деңиз деңг. бийикт. 1800–2200 м, капчыгайды чектеген тоолордун абс. бийикт. 3600–4000 м. Акшыйрак кырка тоосунун түн. капталынан Кызылжар тоосун көздөй созулган тектон. жарака тоонун түзүлүшүн экиге бөлөт. Жараканын түн. бөлүгү капчыгайдын сол капталын түзөт. Алабугадан төмөн 20 км аралыкта туурасы 1 кмден 20–25 мге чейин куушурулат. Төртүнчүлүк мезгилдеги тектирлердин калдыктары суунун нугунан 300–400 м көтөрүңкү жатат. Кайыңды суусу кошулгандан кийин капчыгайдын туурасы кескин кууштайт (5–10 м). Дарыянын нугу салыштырмалуу 1600 мден 1300 мге төмөндөп, суунун 1 км аралыкта 7 мге кескин жешинен тик капталдуу, кууш жалама капчыгай түзүлүүдө. Дөдөмөл тоосу суунун нугунан 1400 м көтөрүңкү жатат. Негизинен акиташ теги, доломит, кум, шагыл, сланец тектеринен түзүлгөн. Климаты кескин континенттик, январдын орт. темп-расы–17...–19°С, июлдуку 17–18°С. Жылдык жаан-чачыны 320–350 мм Капчыгайдын кооз рельефи корукка айландырылган.