География:ШАҢКОЛ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ШАҢКОЛ ӨРӨӨНҮ Кичи Алай кырка тоосунан түндүктө, Белалма тоосунун ортоңку бөлүгүндө меридиан багытында жайгашкан. Белалманын этектери ж-а Ноокат түздүгү м-н чектешет. Уз. 30 км, туурасы 2–10 км. Орт. бийикт. 1400 м, эң бийик жери 2600 м. Өрөөн тектон. кыймылдан пайда болгон. Түш. капталы тик, жалама аскалуу, батыш ж-а чыгыш капталдары өтө тилмеленген. Түндүгү кууш, чыгышы жайык келип, байыркы мореналар, тепши сымал ойдуңдар, чуңкурлар, корум таштар басымдуу. Июлдун орт. темп-расы 20– 24°С, январдыкы —7...—10°С; жылдык жаан-чачыны 300–500 мм. Кургак талаа (1300–1400 м), талаа (1400–1800 м), арчалуу токой (1800–2000 м), шалбаа (2600 мден жогору) ландшафттары мүнөздүү.