География:ЧЫЧКАН ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ЧЫЧКАН ӨРӨӨНҮ Талас Алатоосу м-н Суусамыр кырка тоосунун аралыгында Чычкан суусунун агымы б-ча түндүктөн түштүккө созулуп жатат. Аянты 1150 км2. Уз. 63 км, туурасы баш жагында 1,5–2 км, ортоңку бөлүгүндө (Итагар куйган жерде) 0,3–0,5 км, Кетментөбөгө чыга беришиндеги төмөнкү бөлүгүндө 2–3 км. Деңиз деңг. 1000–2800 м бийиктикте жатат. Тегерегиндеги тоолор өрөөндүн таманынан 1500–2800 мге көтөрүлөт. Капталдары тик (40–70°), аскалуу; палеозойдун гранит, чополуу сланец, мрамор, акиташ, кумдук, өрөөндүн төр жагынын таманы төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектеринен турат. Чычкандын төрү байыркы мөңгүнүн аракетинен түзүлгөн тепши сымал өрөөн, ортоңку бөлүгүндө тоолор көтөрүлүп, суунун жеп кетишинен пайда болгон V формасындагы капчыгай, төмөн жагы кеңейип, тектирлердин комплексинен турат. Климаты континенттик. Июлдун орт. темпрасы баш жагында 3,9°С, төмөн жагында 20°С, январдыкы — 18°...— 14,2°С. Жылдык жаан-чачыны 330–630 мм. Өрөөн аркылуу Чычкан суусу агат; анын куймалары — Итагар, Козужар, Арым, Данке, Корумдусай (оң), Күйүкбулак, Алабел (сол). Ландшафты бийиктик б-ча өзгөрөт: карбонаттуу ачык коңур топурактуу жарым чөл (1000–1600 м бийиктикте; шыбак, эфемер, баялыш ж. б. өсүмдүктөр өсөт), кара коңур топурактуу талаа ж-а шалбаалуу талаа (1600— 2200 м; кызылот, түктүү буудайык, аюучач, чайыр ж. б.), каралжын күрдүү топурактуу арча-карагайлуу сейрек токой (2200–3000 м), субальп шалбаасы, шалбаалуу талаа, жапалак арча (3000—3500 м), альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (3500–4000 м), гляциалдыкнивалдык зоналары (4000 мден жогору). Ч. ө-нү аркылуу ЛЭП—500 электр линиясы ж-а Бишкек — Ош авт. жолу өтөт. Өрөөн – респ-дагы кооз жерлердин бири. Ж. Мусаева