География:ТОСОР ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
м (1 версия)
 
1-сап: 1-сап:
Тескей Алатоонун түн. этегинде. Ага атташ суунун алабын ээлейт.
<strong>ТОСОР ӨРӨӨНҮ</strong> Тескей Алатоонун түн. этегинде. Ага атташ суунун алабын ээлейт.
Тоң, Жетөгүз р-ндорунун аймагында. Уз. 30 км, туурасы 2 км. Таманынын эң бийик жери 3680 м, эң жапыз жери 1620 м (Ысыккөлгө куйган жерде). Өрөөн эрозиялык-тектон. жол м-н пайда болгон.
Тоң, Жетөгүз р-ндорунун аймагында. Уз. 30 км, туурасы 2 км. Таманынын эң бийик жери 3680 м, эң жапыз жери 1620 м (Ысыккөлгө куйган жерде). Өрөөн эрозиялык-тектон. жол м-н пайда болгон.
Төртүнчүлүк мезгилдеги муз каптоодон пайда болгон морена рельефи Тескей Алатоонун этегинен баштап, Тосор суусунун ж-а анын куймаларынын өрөөндөрүнө чейин тараган. Негизинен протерозойдун интрузия (адамеллит, гранит-диорит ж-а гранит) тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. темпрасы өрөөндүн жогорку бөлүгүндө —10...

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ТОСОР ӨРӨӨНҮ Тескей Алатоонун түн. этегинде. Ага атташ суунун алабын ээлейт. Тоң, Жетөгүз р-ндорунун аймагында. Уз. 30 км, туурасы 2 км. Таманынын эң бийик жери 3680 м, эң жапыз жери 1620 м (Ысыккөлгө куйган жерде). Өрөөн эрозиялык-тектон. жол м-н пайда болгон. Төртүнчүлүк мезгилдеги муз каптоодон пайда болгон морена рельефи Тескей Алатоонун этегинен баштап, Тосор суусунун ж-а анын куймаларынын өрөөндөрүнө чейин тараган. Негизинен протерозойдун интрузия (адамеллит, гранит-диорит ж-а гранит) тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. темпрасы өрөөндүн жогорку бөлүгүндө —10... —12°С, төмөн жагында –2,5...–5°С, июлдуку 15–16°С. Жылдык жаан-чачыны 300– 500 мм. Өрөөнгө жарым чөл, кургак талаа (2300 м бийиктикке чейин), талаа, токой м-н бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2300–2900 м), андан жогору субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы, шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Чабынды жерлери бар; жайыт. Т. ө. аркылуу Ысыккөл өрөөнүн Арабел сырттары м-н байланыштыруучу (Тосор ашуусу, 3893 м) авт. жолу өтөт.