География:СУУСАМЫР ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
1-сап: 1-сап:
Ички Теңиртоодо, Кыргыз, Талас Алатоолору м-н Суусамыр, Жумгал кырка тоолорунун аралыгында деңиз деңг. 2000–3200 м бийикте жайгашкан. Тегерегиндеги тоо кыркалар өрөөндүн таманынан 1000— 2000 мге чейин көтөрүлөт. Батыштан (Алабелден; 3184 м бийиктикте) чыгышка (Каракол ашуусуна чейин; 3452 м) 150 кмге созулуп жатат. Аянты 4,3 миң км2. Өтмөк, Суусамыр сууларынын чатынан Жоожүрөк өрөөнүнүн оозуна (же Батыш Караколго Сокулук суусу куйган жерге) чейинки бөлүгү кенен, жайык келип, 80–85 кмге созулат.
<strong>СУУСАМЫР ӨРӨӨНҮ</strong> Ички Теңиртоодо, Кыргыз, Талас Алатоолору м-н Суусамыр, Жумгал кырка тоолорунун аралыгында деңиз деңг. 2000–3200 м бийикте жайгашкан. Тегерегиндеги тоо кыркалар өрөөндүн таманынан 1000— 2000 мге чейин көтөрүлөт. Батыштан (Алабелден; 3184 м бийиктикте) чыгышка (Каракол ашуусуна чейин; 3452 м) 150 кмге созулуп жатат. Аянты 4,3 миң км2. Өтмөк, Суусамыр сууларынын чатынан Жоожүрөк өрөөнүнүн оозуна (же Батыш Караколго Сокулук суусу куйган жерге) чейинки бөлүгү кенен, жайык келип, 80–85 кмге созулат.
Туурасы эң жазы жеринде — Төөашуу м-н Суусамыр кырка тоосунун эң бийик чокусу (4048 м) тушта (Үчемчектин башы) 45 км. Өрөөн улам батышка барган сайын куушурулуп, таманы бийиктейт. С. ө. рельефи б-ча үч бөлүккө ажырайт: 1) батыш бөлүгү — Дубанкечүү өрөөнү, 2) Борб.
Туурасы эң жазы жеринде — Төөашуу м-н Суусамыр кырка тоосунун эң бийик чокусу (4048 м) тушта (Үчемчектин башы) 45 км. Өрөөн улам батышка барган сайын куушурулуп, таманы бийиктейт. С. ө. рельефи б-ча үч бөлүккө ажырайт: 1) батыш бөлүгү — Дубанкечүү өрөөнү, 2) Борб.
Суусамыр өрөөнү, 3) Батыш Каракол өрөөнү. Дубанкечүү өрөөнү Суусамырдын баш жагын ээлеп, Корумду м-н Айгыржал тоолорунун бири-бирине жакындап, өрөөндүн кууш тарткан жерине чейин созулат. Таманы түз, бир аз жантайыңкы; 2300–3000 м бийикте жатат. Капталдары тик айрыкча Талас Алатоосунун күнгөй беттери. Борб. Суусамыр өрөөнү жайык, сырткы көрүнүшү жагынан үч бурчтукту элестетет. Үч бурчтуктун чыгыш капталы гана Жумгал тоосунун батыш урчугу — Киндик тоосу м-н ичин карай ийилген.
Суусамыр өрөөнү, 3) Батыш Каракол өрөөнү. Дубанкечүү өрөөнү Суусамырдын баш жагын ээлеп, Корумду м-н Айгыржал тоолорунун бири-бирине жакындап, өрөөндүн кууш тарткан жерине чейин созулат. Таманы түз, бир аз жантайыңкы; 2300–3000 м бийикте жатат. Капталдары тик айрыкча Талас Алатоосунун күнгөй беттери. Борб. Суусамыр өрөөнү жайык, сырткы көрүнүшү жагынан үч бурчтукту элестетет. Үч бурчтуктун чыгыш капталы гана Жумгал тоосунун батыш урчугу — Киндик тоосу м-н ичин карай ийилген.

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

СУУСАМЫР ӨРӨӨНҮ Ички Теңиртоодо, Кыргыз, Талас Алатоолору м-н Суусамыр, Жумгал кырка тоолорунун аралыгында деңиз деңг. 2000–3200 м бийикте жайгашкан. Тегерегиндеги тоо кыркалар өрөөндүн таманынан 1000— 2000 мге чейин көтөрүлөт. Батыштан (Алабелден; 3184 м бийиктикте) чыгышка (Каракол ашуусуна чейин; 3452 м) 150 кмге созулуп жатат. Аянты 4,3 миң км2. Өтмөк, Суусамыр сууларынын чатынан Жоожүрөк өрөөнүнүн оозуна (же Батыш Караколго Сокулук суусу куйган жерге) чейинки бөлүгү кенен, жайык келип, 80–85 кмге созулат. Туурасы эң жазы жеринде — Төөашуу м-н Суусамыр кырка тоосунун эң бийик чокусу (4048 м) тушта (Үчемчектин башы) 45 км. Өрөөн улам батышка барган сайын куушурулуп, таманы бийиктейт. С. ө. рельефи б-ча үч бөлүккө ажырайт: 1) батыш бөлүгү — Дубанкечүү өрөөнү, 2) Борб. Суусамыр өрөөнү, 3) Батыш Каракол өрөөнү. Дубанкечүү өрөөнү Суусамырдын баш жагын ээлеп, Корумду м-н Айгыржал тоолорунун бири-бирине жакындап, өрөөндүн кууш тарткан жерине чейин созулат. Таманы түз, бир аз жантайыңкы; 2300–3000 м бийикте жатат. Капталдары тик айрыкча Талас Алатоосунун күнгөй беттери. Борб. Суусамыр өрөөнү жайык, сырткы көрүнүшү жагынан үч бурчтукту элестетет. Үч бурчтуктун чыгыш капталы гана Жумгал тоосунун батыш урчугу — Киндик тоосу м-н ичин карай ийилген. Суусамыр кырка тоосунун тескейи бул тушта өтө жантайыңкы. Борб. бөлүктүн таманы майда адырлуу, дөңсөөлүү түздүк. Суу боюнда тектирлер да бар. С. ө-нүн бул бөлүгүнүн рельефи, топурагы, климаттык шарттары дыйканчылыкка ыңгайлуу. Батыш Каракол өрөөнү Суусамырдын чыгышында Кыргыз Алатоосу м-н Карамойнок, Жумгал, Киндик тоолорунун аралыгында жайгашкан. Башка бөлүктөрүнө караганда кууш келип, капталдары тик, таманы 2100–3000 м бийикте жатат. Чыгыш тарабында өрөөн өтө куушурулуп,


эки айрык (Батыш Сөөк ж-а Караколдун төрү) болуп кетет. Киндик тоосунун түш.чыгышында 2000— 3000 м бийикте Жоожүрөк өрөөнү түн.-чыгыштан түш.-батышка созулуп жатат.

С. ө-нүн геол. түзүлүшүндө кайнозой заманында пайда болгон кумдук, конгломерат, кызыл түстүү чопо бар. Өрөөндүн таманында ж-а тоо этектериндеги эңкейиш түздүктөрдө төртүнчүлүк мезгилдин кумшагылы м-н чополору кеңири таралган. Негизги тектон. структурасы б-ча синклиналдык түзүлүш. С. ө-нүн климаты континенттик. Жайында абанын темп-расы кээде 30°Сге чейин жетсе, кышында —40°С, —45°Сге чейин төмөндөйт. Январдын орт. темп-расы –20...–21°С, июлдуку 13–14°С. Жайында түнкүсүн көбүнчө шүүдүрүм түшөт, үшүк чалган учурлар да болот. Жылдык жаанчачыны 350–370 мм (кургакчыл жылдарда 255 мм, жаанчыл мезгилден 500 ммге жетет). Жылдык жаан-чачындын 63%и март — июлга туура келет. Кышы узак (5–6 ай), кар калың түшөт (1 мге чейин). Негизинен батыш, түн.-батыш тараптан соккон шамал үстөмдүк кылат. Негизги суулары — Суусамыр м-н Батыш Каракол (к. Каракол) кошулуп, Көкөмеренди түзөт. Чоңкорумду, Балыкты, Токойлуу, Чыгыш Арамсуу, Үчемчек, Шилисуу ж. б. өрөөндөрдүн баш жактарында майда көлдөр бар. Рельефке, бийиктикке ж-а климаттык шарттарга жараша С. ө-нө төмөнкү ландшафт алкактары мүнөздүү: 1) Бетеге-шыбактуу кургак талаа (2000–2200 м бийикте) Суусамыр суусунун өйүз-бөйүзүндөгү түз жерлерди, тоо этектерин ээлейт. Бозомтук күрөң ж-а күрөң топурактуу. Топурак бетинин 50–70%ин өсүмдүктөр каптап, калганы ачык — такыр. 2) Бетеге-аккылкандуу талаа ж-а түркүн чөп (шимүүр, каз таман, жөргөмүш)-кылкандуу (бетеге ж.б.) шалбаалуу талаа (2200–2600 м). Топурагы күңүрт күрөң же коңур түстө, чымдуу. 3) Кылкандуу (атконок, түлкү куйрук, тоо сулусу ж. б.) түркүн чөп басымдуулук кылган субальп шалбаасы (3000–3100 мге чейин). Топурагы шалбаалуу кара ж-а каралжын түстө. 4) Бетеге-тулаңдуу өлөң ж-а түркүн чөптүү альп шалбаасы (3500– 3700 мге чейин). Тоо шалбаа ж-а шалбааталаа, таштак, чириндиге бай топурактуу. 5) Гляциалдык-нивалдык алкак (3500– 3700 мден жогору) — таш шагылдуу беттер, аскалуу жондор, корум таштар, мөңгүлөр, эрибей жаткан көп жылдык карлар, аркайган бийик чокулар. Өрөөндүн таманында, айрыкча Суусамыр, Батыш Караколдун төмөнкү агымдарын бойлой бадалдуу токой (тал, терек, кайың) өсөт. С. ө. негизинен жайкы жайыт катарында пайдаланылат. Чүй, Талас, Кетментөбө өрөөндөрүндөгү чарбалардын малы жайылат. Кышында Жумгал, Жайыл, Панфилов, Москва, Сокулук р-ндорунун малы кыштайт. Малга тоют даярдоо үчүн Суусамыр машина мал чарба станциясы уюшулган. Эгин (арпа, сулу) ж-а тоют өсүмдүктөрүн айдайт. С. ө. аркылуу Бишкек — Ош, Карабалта — Миңкуш авт. жолдору өтөт. Өрөөндө Кожомкул, Тунук. Үлгү, Биринчимай, Суусамыр кыш. жайгашкан. С. Байгуттиев