География:СОҢКӨЛ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

СОҢКӨЛ ӨРӨӨНҮ Ички Теңиртоонун борб. бөлүгүндө. Соңкөл, Молдотоо, Бооралбас кырка тоолорунун ортосунан орун алган. Кеңдик багыт б-ча 50 кмге созулат. Туурасы 25 км. Таманын Соңкөл көлү ээлейт. Өрөөндүн таманы деңиз деңг. 3000–3400 м бийикте жатат; неогенге чейинки байыркы денудациялык түздүк. Неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдеринде ийилип, Соңкөл синклиналын пайда кылган. Жарташ ж-а Акташ сууларынын аралыгы түзөң, саздак; түш.-чыгышы (Соңкөл, Куртка сууларынын аралыгы) чөкмө тектүү тоо этегиндеги түздүк; түш.-батышы түзөң. Өрөөндүн батышында палеогендин ж-а неогендин чопо, гипс, кумдук, гравелит, чыгышында жаңы пайда болгон чөкмө тектер жатат. Климаты континенттик. Жылдык орт. темп-расы —3,5°С, январдыкы –20°С, июлдуку 11°С. Жылдык жаан-чачыны 350–400 мм. Суулары: Акташ, Жаманечки, Өзбек, Каракече, Куртка, Ташдөбө, Кумбел, Кумдусуу ж. б. Тоолуу шалбаа топурагы, саздактуу шалбаа, бетегелүү талаа, субальп (3000–3400 м бийикте) ж-а альп (3400–3700 м) шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Кочкор, Жумгал, Нарын, Акталаа р-нун жайлоосу.