География:КӨГАРТ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
КӨГАРТ ӨРӨӨНҮ Сузак р-нун аймагында. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталынан Карадарыя өрөөнүнө чейин 80 кмге созулуп жатат. Туурасы 20 км. Таманынын абс. бийикт. 700–2000 м. Жогорку тоолуу бөлүгү Фергана тоо тизмегинин негизги суу бөлгүчү ж-а анын айрыктары м-н чектелген бир нече өрөөн, капчыгайларга (Жошо, Орток, Каралма, Үрүмбаш, Кызылсуу ж. б.) бөлүнүп кетет. Төмөнкү түзөң бөлүгү (уз. 55 км) жайык (таманынын туурасы 6–8 км). Жалпы эңкейиштиги 5°тан 1°ка чейин. Түш.-чыгыш тарабынан Серүүндөбө, Айыптоо (бийикт. 1300–2400 м) түн.-батышынан Чаңгырташ (1300–1800 м) тоолору м-н чектешет. Тектон. жактан К. ө. аллювий чөкмө тектери толгон синклиналь. Чөкмөлөрдүн эң калың катмары Жалалабат ш-на жакын жатат. Адырлар негизинен неоген мезгилинин конгломерат, мергелдүү чопо, тоолуу бөлүгү юранын чополуу сланец тектеринен турат. Айрым жеринде (Серүүндөбө) палеозойдун акиташ, сланец тектери кездешет. Климаты мелүүн континенттик, тоо тарабында мелүүнүрөөк. Түздүгүндө январдын орт. темп-расы — 4,3° С, июлдуку 25° С. Эң жогорку темп-ра 41,1° С; эң төмөнү— 28° Сге чейин. Жылдык жаанчачыны 468–900 мм. Сууларынын ириси— Көгарт суусу (орт. чыгымы 18,3 м3/сек). Жарым чөл ж-а кургак талаа (700–1000 м бийикте, боз топурактуу келип, ак шыбак, эбелек, камгак ж. б. өсүмдүктөр өсөт), талаа (1000–1400 м; бозомук күрөң топурактуу, бадалдар, буудайык, кызылот ж. б.), жаңгак-жемиштүү токой (1400–2400 м күрөң ж-а кара күрөң топурактуу), шалбаалуу талаа, субальп ж-а альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Бийик бөлүгү аска-зоокалуу, шагыл таштуу. Өрөөндө Жалалабат ш., Сузак, Бегабад, Октябрь, Жийде ж. б. кыш. жайгашкан.