География:КАРАҮҢКҮР ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong>КАРАҮҢКҮР ӨРӨӨНҮ</strong> Батыш Теңиртоодо. Бабашата кырка тоосу м-н Фергана тоо тизмегинин бир тармагынын аралыгында жайгашкан. Базаркоргон р-нун, төмөнкү бир аз бөлүгү Ноокен р-нун аймагында. Жалпы уз. (Күрөбөстүн башынан Кырг-ндын чек арасына чейин) 100 км, жазылыгы 8–12 км. Таманынын деңиз деңг. бийикт. 600–1400 м. Ооз тарабы (түш.-батышы) жайык (70 кмге чейин), улам жогорулаган сайын (түн.-чыгышты карай) кууштап, тектирлүү. Чарбак кыш. тушта эки айрыкка — Кызылүңкүр өрөөнүнө ж-а Арстанбап өрөөнүнө бөлүнөт. | |||
Өрөөндүн төмөнкү бөлүгү неоген-палеоген ж-а антропогендин конгломерат, кумдук, чопо, шагыл таш, кумдуу чопо ж. б., жогору жагы карбон, девон ж-а бор мезгилдеринин тектеринен турат. Өрөөн аркылуу Карүңкүр (Тентексай) суусу агат. Климаты жер ортолук деңиздик. Кышы мелүүн суук, январдын орт. темп-расы —3...— 17°С, жайы төмөнкү бөлүгүндө кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, 15–24°С. | Өрөөндүн төмөнкү бөлүгү неоген-палеоген ж-а антропогендин конгломерат, кумдук, чопо, шагыл таш, кумдуу чопо ж. б., жогору жагы карбон, девон ж-а бор мезгилдеринин тектеринен турат. Өрөөн аркылуу Карүңкүр (Тентексай) суусу агат. Климаты жер ортолук деңиздик. Кышы мелүүн суук, январдын орт. темп-расы —3...— 17°С, жайы төмөнкү бөлүгүндө кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, 15–24°С. | ||
Жылдык жаан-чачыны 400–1000 мм, көбүнчө кыш, жаз мезгилдеринде жаайт. | Жылдык жаан-чачыны 400–1000 мм, көбүнчө кыш, жаз мезгилдеринде жаайт. | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
КАРАҮҢКҮР ӨРӨӨНҮ Батыш Теңиртоодо. Бабашата кырка тоосу м-н Фергана тоо тизмегинин бир тармагынын аралыгында жайгашкан. Базаркоргон р-нун, төмөнкү бир аз бөлүгү Ноокен р-нун аймагында. Жалпы уз. (Күрөбөстүн башынан Кырг-ндын чек арасына чейин) 100 км, жазылыгы 8–12 км. Таманынын деңиз деңг. бийикт. 600–1400 м. Ооз тарабы (түш.-батышы) жайык (70 кмге чейин), улам жогорулаган сайын (түн.-чыгышты карай) кууштап, тектирлүү. Чарбак кыш. тушта эки айрыкка — Кызылүңкүр өрөөнүнө ж-а Арстанбап өрөөнүнө бөлүнөт. Өрөөндүн төмөнкү бөлүгү неоген-палеоген ж-а антропогендин конгломерат, кумдук, чопо, шагыл таш, кумдуу чопо ж. б., жогору жагы карбон, девон ж-а бор мезгилдеринин тектеринен турат. Өрөөн аркылуу Карүңкүр (Тентексай) суусу агат. Климаты жер ортолук деңиздик. Кышы мелүүн суук, январдын орт. темп-расы —3...— 17°С, жайы төмөнкү бөлүгүндө кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, 15–24°С. Жылдык жаан-чачыны 400–1000 мм, көбүнчө кыш, жаз мезгилдеринде жаайт. Түзөң бөлүгүндө күңүрт боз, айрым жерлеринде шалбаа-саз, орто бөлүгүндө кара күрөң, жогору жагында тоо-шалбаалуу кара топурак басымдуу. К. ө-нө эфемершыбактуу кургак талаа (800–1300 м бийиктикте), бийик чөптүү бадалдуу талаа (1300–1800 м), шалбаалуу, жаңгак-жемиштүү токой (1800–2600 м), субальп (2600–3200 м), альп шалбаасы (3200– 3500 м), субнивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Өрөөндүн ландшафтынын рекреациялык мааниси зор. Пахта, тамеки, жашылча-жемиш, тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Жогорку бөлүгү жайытка ж-а чабындыга пайдаланылат. Базаркоргон суу с. курулган. Ө. Бараталиев