География:КАРАСАЙ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong>КАРАСАЙ ӨРӨӨНҮ</strong> Ички Теңиртоодо. | |||
Нарын д-нын жогорку алабында. Түндүгүнөн Кызылешменин байыркы морена кырлары, чыгышынан Акшыйрак, түштүгүнөн Борколдой кырка тоолору м-н чектешет. Аянты 854 км2, чыгыштан батышка 61 кмге созулат. Туурасы 1–9 км. Бийикт. 3200–4000 м. Таманы төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмө тектери м-н капталган. Жогорку бөлүгү мореналуу тепши сымал; ортосу тар эрозиялык, төмөнкү бөлүгү жайылган кашаттуу. Орто бөлүгүнүн сол жээги (уз. 15–20 км, туурасы 1–1,5 км) борпоң майда кум катмары м-н капталып, аянты барган сайын кеңейүүдө. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –21°С, июлдуку 4–9°С. Жылдык жаан-чачыны 186 мм. Шамал көбүнчө батыштан согот. | Нарын д-нын жогорку алабында. Түндүгүнөн Кызылешменин байыркы морена кырлары, чыгышынан Акшыйрак, түштүгүнөн Борколдой кырка тоолору м-н чектешет. Аянты 854 км2, чыгыштан батышка 61 кмге созулат. Туурасы 1–9 км. Бийикт. 3200–4000 м. Таманы төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмө тектери м-н капталган. Жогорку бөлүгү мореналуу тепши сымал; ортосу тар эрозиялык, төмөнкү бөлүгү жайылган кашаттуу. Орто бөлүгүнүн сол жээги (уз. 15–20 км, туурасы 1–1,5 км) борпоң майда кум катмары м-н капталып, аянты барган сайын кеңейүүдө. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –21°С, июлдуку 4–9°С. Жылдык жаан-чачыны 186 мм. Шамал көбүнчө батыштан согот. | ||
Өрөөндүн башында Түн. Карасай (аянты 46,5 км2, уз. 12 км, туурасы 1–1,5 км) ж-а Түш. Карасай (аянты 17,2 км2, уз. 4 км), туурасы 1 км өрөөн мөңгүлөрү, сол өндүрүндө аянты 3,8 км2 келген асылма мөңгүлөр жатат. Өрөөн аркылуу Карасай суусу агат. Жогорку ж-а ортоңку бөлүгүндө булактар, саз ж-а майда көлдөр кездешет. | Өрөөндүн башында Түн. Карасай (аянты 46,5 км2, уз. 12 км, туурасы 1–1,5 км) ж-а Түш. Карасай (аянты 17,2 км2, уз. 4 км), туурасы 1 км өрөөн мөңгүлөрү, сол өндүрүндө аянты 3,8 км2 келген асылма мөңгүлөр жатат. Өрөөн аркылуу Карасай суусу агат. Жогорку ж-а ортоңку бөлүгүндө булактар, саз ж-а майда көлдөр кездешет. | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
КАРАСАЙ ӨРӨӨНҮ Ички Теңиртоодо. Нарын д-нын жогорку алабында. Түндүгүнөн Кызылешменин байыркы морена кырлары, чыгышынан Акшыйрак, түштүгүнөн Борколдой кырка тоолору м-н чектешет. Аянты 854 км2, чыгыштан батышка 61 кмге созулат. Туурасы 1–9 км. Бийикт. 3200–4000 м. Таманы төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмө тектери м-н капталган. Жогорку бөлүгү мореналуу тепши сымал; ортосу тар эрозиялык, төмөнкү бөлүгү жайылган кашаттуу. Орто бөлүгүнүн сол жээги (уз. 15–20 км, туурасы 1–1,5 км) борпоң майда кум катмары м-н капталып, аянты барган сайын кеңейүүдө. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –21°С, июлдуку 4–9°С. Жылдык жаан-чачыны 186 мм. Шамал көбүнчө батыштан согот. Өрөөндүн башында Түн. Карасай (аянты 46,5 км2, уз. 12 км, туурасы 1–1,5 км) ж-а Түш. Карасай (аянты 17,2 км2, уз. 4 км), туурасы 1 км өрөөн мөңгүлөрү, сол өндүрүндө аянты 3,8 км2 келген асылма мөңгүлөр жатат. Өрөөн аркылуу Карасай суусу агат. Жогорку ж-а ортоңку бөлүгүндө булактар, саз ж-а майда көлдөр кездешет. Шалбаалуу субальп (шимүүр, тогуз төбөл, суйсаң, чыйпылдак, чекилдек, казтаман, аксото, бетеге ж. б.), альп (жер жаздык, тоо сойгок, кымыздык, доңуз сырты ж. б.) ж-а нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Өрөөндө Ысыккөл облусунун Жетөгүз р-нун малы багылат. Авт. жолу аркылуу Ысыккөл өрөөнү м-н байланышат. Барскон — Акшыйрак электр зымы (ЛЭП) өтөт.