География:КАРАЛМА ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

КАРАЛМА ӨРӨӨНҮ —Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы кооз жер. Көгарт суусунун алабында. Жалалабат облусунун Сузак р-нунда. Жалалабат ш-нан 48 км түн.-чыгыш тарапта. Өрөөн аркылуу Көгарттын оң куймасы Каралма суусу агат. Жалпы аянты 192 км2, уз. 28 км. Деңиз деңг. 1380–3705 м бийикте. Рельефи б-ча экиге бөлүнөт: Фергана тоо тизмегинин кырына жакын жаткан бийик жагы аскалуу, корум-шагылдуу, төмөнкү бөлүгүнүн рельефи жылма келип тегизделген жондордон, адырлардан турат. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы –2,3°С, июлдуку 23,5°С. Жылдык жаан-чачыны 900–1000 мм. Төмөнкү бөлүгүнүн (1000–2200 м бийикте) көбүн жыш жаңгак, мөмө-жемиш токою, түрдүү бадалдар ээлейт. Андан жогору субальп, альп шалбаалуу ландшафт алкактары жатат. Токоюнда элик, аюу, кашкулак, каман, каракур, кыргоол, кекилик, чүткөр ж. б. жаныбарлар бар. Жаңгак токойлуу К. ө. кооздугу жагынан сейрек кездешүүчү жайлардын бири. Эс алуу жайына айланууда. Мында балдар лагери ж-а токой чарбасы бар. Өрөөндө Каралма, Марча ж. б. кыш. жайгашкан.