География:ЖЫЛАҢАЧ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
ЖЫЛАҢАЧ ӨРӨӨНҮ Ички Теңиртоодо. Уз. 28 км, туурасы 1 кмге чейин. Өрөөн Жылаңач тоосунун түш. ж-а Жетим кырка тоосунун түн. капталдары м-н өткөн тектон. жаракалар б-ча палеозой тектеринин төмөн ийилишинен пайда болгон грабен-мегасинклиналь. Таманынын деңиз деңг. бийикт. 2624–3200 м, курчап жаткан Жылаңач тоосунун салыштырмалуу бийикт. 300–700 м, Жетим кырка тоосунуку 1000–1300 м. Өрөөндүн азыркы рельефинин калыптанышына тектон. кыймылдын ж-а байыркы мөңгүлөрдүн таасири зор болгон. Тоо капталдарында (4100 м бийиктикке чейин) байыркы түздүктөрдүн калдыктары кездешет; алар неогендин чополору м-н капталган. Байыркы муз каптоодон тоонун түн. капталында тепши сымал өрөөн түзүлүп, Ж. ө-нүн 8—10 кмге чейин муз каптап жаткан. Сүрүлүп келген мөңгү таштардын калдыктары өрөөндүн таманында ж-а анын сол капталында дөбө чуңкурлуу рельефти түзөт. Өрөөндүн түн. бети тектон. жарака м-н тик көтөрүлгөндүктөн, тик ж-а аскалуу; этеги шагыл, кумдуу. Таманында тектирлер кездешет. Төмөнкү бөлүгү (2 км аралыкта) куушурулуп (400 м), аскалуу терең капчыгайга өтөт. Өрөөн аркылуу Кичи Нарындын сол куймасы — Жылаңач суусу агат. Январдын орт. темп-расы —12,5°С, июлдуку 10,2°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 300 мм. Субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы, талаа (3400 мге чейин), андан жогору субнивалдык, нивалдык-гляциалдык ландшафттары таралган. Жайкы жайыт.