География:ЖЕТӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
м (1 версия)
 
1-сап: 1-сап:
Ысыккөл ойдуңунда. Тескей Алатоонун түн. капталында, Жетөгүз суусунун алабында жайгашкан.
<strong>ЖЕТӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ</strong> Ысыккөл ойдуңунда. Тескей Алатоонун түн. капталында, Жетөгүз суусунун алабында жайгашкан.
Жетөгүз р-нун аймагында. Аянты 63,0 км2, уз. 28,5 км, туурасы 8–11 км. Басымдуу бийикт. 2000–3500 м. Курортко чейин тепши сымал өрөөн, андан жогору V формасына өтүп, каптал өрөөндөр ж-а кокту-колоттор м-н тилмеленген. Өрөөндүн этек бөлүгү салааланган кургак сайлуу, дөңсөөлүү адырлардан турат. Жетөгүз кыш-нан жогору чыга бергенде суунун оң тарабында кенен Казанбак түздүгү, ал эми суунун сол тарабында тик кашаттуу Акжар тектирлери (үчөө) жатат. Рельефи жалпысынан тоолуу; терең ж-а кууш каптал өрөөндөрү көп. Капчыгай оозундагы адырлар улам жогорулаган сайын анча бийик эмес : (1800–2200 м) бөксө тоого, орто бийиктиктеги (2200–2800 м бийиктикте) тоолорго, тик капталдуу (30–50°) бийик (3000 мден жогору) тоолорго өтөт.

Өрөөн уникалдуу ландшафттары ж-а курорт байлыгы м-н өзгөчөлөнөт. Табияты (токой чарбасынан жогору карай) өтө кооз.
Өрөөн уникалдуу ландшафттары ж-а курорт байлыгы м-н өзгөчөлөнөт. Табияты (токой чарбасынан жогору карай) өтө кооз.

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ЖЕТӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ Ысыккөл ойдуңунда. Тескей Алатоонун түн. капталында, Жетөгүз суусунун алабында жайгашкан. Жетөгүз р-нун аймагында. Аянты 63,0 км2, уз. 28,5 км, туурасы 8–11 км. Басымдуу бийикт. 2000–3500 м. Курортко чейин тепши сымал өрөөн, андан жогору V формасына өтүп, каптал өрөөндөр ж-а кокту-колоттор м-н тилмеленген. Өрөөндүн этек бөлүгү салааланган кургак сайлуу, дөңсөөлүү адырлардан турат. Жетөгүз кыш-нан жогору чыга бергенде суунун оң тарабында кенен Казанбак түздүгү, ал эми суунун сол тарабында тик кашаттуу Акжар тектирлери (үчөө) жатат. Рельефи жалпысынан тоолуу; терең ж-а кууш каптал өрөөндөрү көп. Капчыгай оозундагы адырлар улам жогорулаган сайын анча бийик эмес : (1800–2200 м) бөксө тоого, орто бийиктиктеги (2200–2800 м бийиктикте) тоолорго, тик капталдуу (30–50°) бийик (3000 мден жогору) тоолорго өтөт. Өрөөн уникалдуу ландшафттары ж-а курорт байлыгы м-н өзгөчөлөнөт. Табияты (токой чарбасынан жогору карай) өтө кооз. Суунун сол тарабынан, Бөйрөк деген жерден орун алган Жетөгүз курортунун (2200– 2400 м) аймагы, анын түн. жагындагы Кызылжар аскасынын панорамасы өзүнүн табигый кооздугу м-н көп элге маалым. Анын чыгыш уландысы Кызылүңкүр деп аталат. Асканын түн. капталы (ортосунан жарылган) жүрөк формасын элестеткендиктен, аны «Жарылган жүрөк» деп жүрүшөт. Ушул аскалардын сырткы көрүнүшү экзодинамикалык (атмосфералык жаан-чачын, күндүн радиациясы, үбөлөнүү ж. б.) процесстердин таасиринен пайда болгон. Курорттон жогору өрдөй бергенде капчыгай 3–4 км аралыкка кууш тартып, андан чыга бергенде шиберлүү Көкжайык түздүгүнө өтөт. Ал Ж. ө-нүн кенен ж-а тегиз, дем алууга ыңгайлуу жайы. Бул жерде кыргыздын улуттук оюндары өткөрүлүп келген. Көкжайыктан жогору капчыгай кууш тартып, каптал өрөөндөр (Атжайлоо, Асантокум, Байтөр, Өөнтөр, Кыргыйуя, Телти, Аютөр, Чуңкуртөр, Ашуутөр ж. б.) м-н тилмеленген. Өрөөндүн ооз жагы ж-а Жетөгүз курортунун аймагы неогендин кум, чопо, конгломерат, Көкжайыктан жогору негизинен палеозойдун акиташ теги, гранит, сланец тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик; июль айынын орт. темп-расы 14,8°С, январдыкы —8,4°С. Жылдык жаан-чачыны 500– 600 мм. Өрөөн аркылуу Жетөгүз суусу агып өтөт. Анын жайылмаларында кайың, тал, чычырканак, бөрү карагат, итмурун, жылгын ж. б. жыгач ж-а бадал өсүмдүктөрү жыш өсөт. 1800–2200 м бийиктикте талаа, 2200–2800 мде шалбаа бадал аралаш карагайлуу токой, 2800— 3400 мде субальп ж-а альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Карагайлуу токой негизинен тоонун түн. капталдарынан орун алып, айрым жерлеринде чер токойду түзөт. Күнгөй беттеринде ж-а токой тилкесинен жогору арча өсөт. Деңиз деңг. 3400 мден жогору кар, мөңгүлүү аскалар ээлейт. Өрөөндө 1958-жылы Жетөгүз заказниги уюшулган. Курорттун аймагынан минералдуу булактар чыгат (к. Жетөгүз минералдуу суусу). Аны Жетөгүз курорту пайдаланат. М. Койчиев