География:ГҮЛЧӨ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ГҮЛЧӨ ӨРӨӨНҮ —Алай кырка тоосунун чыгышындагы бийик тоо өрөөнү. Аянты 2010 км2. Талдык ашуусунан Бозкарга кыш-на чейин 95 кмге созулат. Туурасы 40 км. Басымдуу бийикт. 1900–3000 м; эң жапыз жери Гүлчө кыш-нда 1526 м. Г. ө. тектон. кыймылдан пайда болгон. Бийик тоолуу бөлүгү палеозойдун кумдук, акиташ теги, сланец, а. и. өрөөндүү жерлери палеоген-неогендин кум, чопо, конгломерат ж. б. шиленди тектеринен түзүлгөн. Негизги орографиялык элементтерине Алай кырка тоосунун тармактары (Акбашат, Каракокту, Аютапан, Кыземчек, Карасараң, Саралазоо, Кумшоро ж. б.) кирет. Терең ж-а кууш капчыгайлар, коктуколот, кургак сайлар көп. Тоолуу бөлүгүндө тик ж-а урчуктуу монолит аскалар, зоокалар, кемерлер, шагылдуу беттер, өрөөндөрдө аллювий чөкмөлөрү басымдуу. Ири үңкүрлөр арбын. Эң чоңунун уз. 28 м, бийикт. 8–12 м, кире беришинин туурасы 35 м. Климаты континенттик. Июлдун орт. темп-расы 18,6°С, январдыкы —7,6°С. Негизги суусу—Гүлчө; ири куймалары: Терек, Бүлөөлү, Жошолу (оң), Каракол, Мурдаш ж. б. Таттуубулак, Жылуусуу булактары бар. Күрөң топурак мүнөздүү. Өндүрлөрдө талаа өсүмдүктөрү, тоо беттеринде арчалуу токой өсөт. Жогорку бөлүгүн субальп ж-а альп шалбаа алкактары ээлейт. Өрөөн малга жайлуу. Туристтик жайларды курууга ыңгайлуу. Өрөөн аркылуу Ош — Хорог авт. жолу өтөт.