География:БАЙТИК ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
БАЙТИК ӨРӨӨНҮ Кыргыз Алатоосу м-н Бозбөлтөктүн аралыгынан орун алган. Аянты 170–180 км2. Уз. 18–20 км, туурасы 8–12 км. Деңиз деңг. орт. бийикт. 1100– 1300 м. Жеринин бети түз, чыгышты карай өрөөн бир аз бийиктеп, адырларга өтөт. Өрөөн негизинен шиленди тектеринен турат, чет жакаларында неогендин кум-чополуу тоо тектери чыгып жатат. Климаты мелүүн континенттик; январдын орт. темпрасы —4,8°С, июлдуку 17,9°С. Жылдык жаан-чачыны 520 мм. Өрөөндөн Аларча, Аламүдүн суулары агат. Жер астындагы суулары Бишкек ш-н камсыз кылат. Б. өнүнө ачык-күрөң топурактуу түркүн дан чөптүү кылканактуу ж-а шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү. Азыр баары айдоого айланган. Б. ө-ндө Ташдөбө, Стрельникова, Байтик, Кашкасуу, Арчалы кыш. жайгашкан. Өрөөн аркылуу Бишкек ш-нан Аларчага баруучу авт. жолу өтөт.