География:КЕГЕТИ АШУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

КЕГЕТИ АШУУСУ Түндүк Теңиртоодо, Кыргыз Алатоосунда. Кегети (Чүйдүн сол куймасы) ж-а Чыгыш Каракол (Кочкордун сол куймасы) сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 3702 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийикт. 400—500 м. Капталдары тик. Ашуу девонкарбондун кумдук, катмарлуу конгломерат, сланец, мергель тектеринен турат. Ашуу аркылуу Чүй ж-а Кочкор өрөөндөрүн байланыштырган авт. жолун салуу аракети болгон. Чүй өрөөнүнөн Ийрисуу ж-а Суусамыр жайлоолоруна мал ашырылат. Кыш мезгилинде кар калың жаап, 2— 3 ай ашуу жабылат.