География:БЕДЕЛ АШУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

БЕДЕЛ АШУУСУ Какшаал кырка тоосунда. Сууккыр ж-а Карабел тоолорунун аралыгында. Деңиз деңг. бийикт. 4260 м. Ашуудан Бедел суусунун сол куймасы Ыштык (Акшыйрактын алабы) башталат. Белден жыл бою кар-мөңгү кетпейт. Мойногу корумдуу, кумдуу келет; эки жак капталы тең тик. Белде палеозой заманынын экинчи жарымында пайда болгон чулу тоо тектер (кумдук, конгломерат, сланец, акиташ теги ж. б.) чыгып жатат, алар 70— 5000 м жеткен калың катмарды түзөт. Беделдин бели эзелтен эл катташкан кербен жол болгон. Адабиятта 8-к-дын экинчи жарымынан белгилүү. Үчтурпандыктар бул белди Бадаларт деп да коюшат.