География:АНДАКУЛАШУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

АНДАКУЛАШУУ — Академик Адышев кырка тоосунун Эркеч (түш.) ж-а Саралазоо (түн.) тармактарынын кошулган жериндеги ашуу. Деңиз деңг. 3986 м бийикте. Андакул (чыгыш) ж-а Бүлөөлү (батыш) өрөөндөрүн байланыштырган жол өтөт. Түн.-чыгышы бир аз жантайыңкы, жарлуу, кар-мөңгүлүү; батышы тик, кум-шагылдуу, айрым жерде өз алдынча катуу талкаланган аскалар кездешет. Палеозойдун сланец, акиташ тектеринен турат. Чыгыш капталына кар-мөңгү, альп ж-а субальп, батышына кум-шагылдуу альп шалбаасы ж-а токойлуу шалбаа мүнөздүү. Август айында жол ачылат.