География:ЭШЕКАРТ ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ЭШЕКАРТ ТООСУ Борб. Теңиртоодо, Акшыйрак тоо тоомунун чыгышында, Үчкөл ж-а Акшыйрак (Сарыжаздын оң куймалары) сууларынын аралыгында жайгашкан. Кеңдик б-ча 50 кмге созулат. Жетөгүз р-нун аймагында. Орт. бийикт. 4200 м, эң бийик жери 4384 м. Тоо ортосун карай бийиктейт. Кыры батышында тик чокулуу, борб. ж-а чыгыш бөлүгү тайпагыраак келип, байыркы түздүктөрдүн калдыктары кездешет. Тоо капталдары майда кокту-колоттуу. Тоонун түш.-батыш капталы жазыраак келип, бир аз жантайыңкы. Негизинен девон м-н карбондун алевролит, сланец, конгломерат, кумдук, мергель, мраморлуу ж-а доломиттүү акиташ тектеринен туруп, кеңдик багытында жанаша кеткен тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Түн. капталына чөл ж-а талаа (3400 м бийиктикке чейин), субальп, альп шалбаалуу талаа (3400–3800 м), түштүгүнө чөл ж-а жарым чөл (2900 мге чейин), андан жогору субальп, альп талаа нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.