География:ЧАНДАЛАШ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ЧАНДАЛАШ КЫРКА ТООСУ Түш.-Батыш Теңиртоодо. Чаткал м-н Чандалаш өрөөндөрүнүн аралыгында түн.-чыгыштан түш.-батышты карай (72 кмден ашык) созулуп жатат. Туурасы 10–18 км. Түн. чыгышында Ашуутөр бели тушта Талас Алатоосу м-н тутумдашат. Орт. бийикт. 3550 м, эң бийик чокусу 4114 м (борб. бөлүгүндө). Түн.-чыгышка (Талас Алатоосунун күнгөй капталдарына) карай 3350 мге көтөрүлүп, түш.-батышка (Чаткал, Чандалаш суулары кошулган тушта) 1500 мге чейин жапыздайт. Ашуулары 3250–3300 м бийикте жатат. Тектон. жактан Ч. к. т. – горст-антиклиналь. Девондун аягы м-н карбондун башында пайда болгон мраморлошкон акиташ тектеринен турат. Кумбел өзөнүнөн чыгышыраак жакта силурдун сланецтери м-н девондун кумдуктары кеңири таралган. Түш. этегин бойлой тектон. жарака өтөт. Негизинен түн.-батышка караган беттери кыскараак ж-а тигирээк, түш.батыш бөлүгү гана жазы, айдөөш. Түш.чыгыш капталдары жайык, этек жагы бөксөлүү. 3500 мден жогору жаткан кырлары аска-зоокалуу, шагыл таштуу. 2700– 3300 м бийикте түркүн чөп бетегелүү шалбаалуу талаа алкагы жайгашкан. Биринсерин арча өсөт; жапалак арчалар да бар. Тескей беттеринде өлөңдүү, түркүн гүл ачкан шалбаалар басымдуу. Топурагы тоо шалбаалуу, айрым жерлерде шалбаа-талаалуу. 2700 мден жогору күнгөй тарабында бетеге, аккылкандуу талаа ландшафты (кийикот, бөрүкуйрук ж. б., бадалдардан – шилби, итмурун, бөрүкарагат, ыргай, табылгы ж. б.), 2200–2700 м бийиктикке чатыр сабактуу (аюучач, шашыр) аралаш өскөн талаа ландшафты мүнөздүү. Күңүрт күрөң ж-а каралжын шалбаалуу талаа топурактуу. Тоо этектерин (2200 мге чейин) шыбак-кылкан чөптүү, аюу чач-шыбактуу кургак талаа ээлейт. Эфемер өсүмдүктөрү көп. Күрөң ж-а ачык күрөң топурактуу. Жайыт. Жаан-чачын жетиштүү түзөң жерлеринде кайрак эгин эгилет.