География:ТҮРКСТАН КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
1-сап: 1-сап:
Фергана ж-а Заравшан өрөөндөрүнүн аралыгында Матча тоо тоомунан (чыгышта) Самаркан оазисине чейин (батышта) кеңдик багытта 300 кмге созулуп жатат. Туурасы батышында 10–15 км, чыгышында 30 кмге чейин.
<strong>ТҮРКСТАН КЫРКА ТООСУ</strong> Фергана ж-а Заравшан өрөөндөрүнүн аралыгында Матча тоо тоомунан (чыгышта) Самаркан оазисине чейин (батышта) кеңдик багытта 300 кмге созулуп жатат. Туурасы батышында 10–15 км, чыгышында 30 кмге чейин.
Түн. ж-а түн.-батыш этеги Ачталаа ж-а Фергана өрөөнүнүн батыш бөлүгү м-н чектешет. Кыры батыштан чыгышка карай бийиктейт. Эң бийик жери – Аскалуу чокусу, 5621 м, башка бийик чокулары: Кишемишбашы (5290 м), Гранит (5278 м), Аксуу (5355 м),Сабах (5300 м), Парах (4743 м), Пирамида (5509 м) ж. б. Тоо асимметриялуу түзүлүштө: түш. бети тик (уз. 10–15 км), түндүгү жантайыңкы (уз. 60–80 км). Түн. капталы тоо кырына жарыш жаткан бир нече тоо тилкелеринен турат. Ирилери: Дауд, Адыгинетоо, Алтынбешик, Акташ, Сухумтоо, Көкчөтоо, Жамангул, Тохтабуз, Майдантоо, Каратоо, Белисынык ж.б.

Алар тоо аралык депрессиялар – өрөөндөр (ойдуңдар) м-н бөлүнгөн. Геол. түзүлүшү татаал. Негизинен силур, девон, карбон, бор, юра мезгилдеринде пайда болгон кумдук, чопо, сланец, акиташ, конгломерат ж-а алевролит тектеринен турат. Т. к. т-нун аймагында пермь мезгилинде жиреп чыккан гранит тектери да таралган. Тоо аралык ойдуңдар м-н өрөөндөрдө төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрү жайгашкан. Тоо тармактары тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Граниттүү пегматит тарамдарында калайдын, мусковиттин ж. б-дын ө. ж-лык маанидеги кендери бар. Юра мезгилинин тектеринен таш көмүр кени табылган.

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ТҮРКСТАН КЫРКА ТООСУ Фергана ж-а Заравшан өрөөндөрүнүн аралыгында Матча тоо тоомунан (чыгышта) Самаркан оазисине чейин (батышта) кеңдик багытта 300 кмге созулуп жатат. Туурасы батышында 10–15 км, чыгышында 30 кмге чейин. Түн. ж-а түн.-батыш этеги Ачталаа ж-а Фергана өрөөнүнүн батыш бөлүгү м-н чектешет. Кыры батыштан чыгышка карай бийиктейт. Эң бийик жери – Аскалуу чокусу, 5621 м, башка бийик чокулары: Кишемишбашы (5290 м), Гранит (5278 м), Аксуу (5355 м),Сабах (5300 м), Парах (4743 м), Пирамида (5509 м) ж. б. Тоо асимметриялуу түзүлүштө: түш. бети тик (уз. 10–15 км), түндүгү жантайыңкы (уз. 60–80 км). Түн. капталы тоо кырына жарыш жаткан бир нече тоо тилкелеринен турат. Ирилери: Дауд, Адыгинетоо, Алтынбешик, Акташ, Сухумтоо, Көкчөтоо, Жамангул, Тохтабуз, Майдантоо, Каратоо, Белисынык ж.б. Алар тоо аралык депрессиялар – өрөөндөр (ойдуңдар) м-н бөлүнгөн. Геол. түзүлүшү татаал. Негизинен силур, девон, карбон, бор, юра мезгилдеринде пайда болгон кумдук, чопо, сланец, акиташ, конгломерат ж-а алевролит тектеринен турат. Т. к. т-нун аймагында пермь мезгилинде жиреп чыккан гранит тектери да таралган. Тоо аралык ойдуңдар м-н өрөөндөрдө төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрү жайгашкан. Тоо тармактары тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Граниттүү пегматит тарамдарында калайдын, мусковиттин ж. б-дын ө. ж-лык маанидеги кендери бар. Юра мезгилинин тектеринен таш көмүр кени табылган. Т. к. т-ндагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 750 км2. Көбү орто ж-а чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Ирилери: түш. капталында – Заравшан (уз. 28 км), Фарахнау (16 км), Толстой (11,6 км), Рама (16 км), Россинч (14 км), түн. капталында – Аксуу (11 км), Шуровский (8 км), Кишемиш (7 км), Райгородский (7 км) ж. б. Ири суулары: Исфара, Кожобакырган, Лейлек, Карасуу, Аксуу. Кар чеги 3700–4000 м бийиктикте жатат. Түн. капталдарына шыбак-эфемердүү, баялыштуу жарым чөл (1500 м бийикке чейин), буудайыктуу талаа (1400–1800 м), бийик чөптүү талаа, шалбаалуу талаа ж-а бадалдар (1800–3000 м), токой (2900–3200 м), шалбаалуу субальп, шалбаалуу талаа, альп (3500–4000 м), андан жогору гляциалдык-нивалдык зоналар таралган.

У. Атаканов