География:ТЕРМЕТАШ ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
ТЕРМЕТАШ ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Сузак р-нун аймагында. Үрүмбаш ж-а Кызылсуу (Көгарт суусунун оң куймалары) сууларынын аралыгында түн.-чыгыштан түш.-батышка 27 кмге созулат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 2300– 2700 м, эң бийик жери 2930 м. Кыры тайпак, капталдары негизинен кыска, Үрүмбаш ж-а Кызылсуу капчыгайларына тик түшөт. Силур мезгилинде пайда болгон граптолиттүү ж-а кремнийлүү сланецтерден кумдук ж-а астыңкы карбондун акиташ, кремнийлүү тектеринен түзүлгөн. Талаа ж-а шалбаалуу талаа (2500 м бийиктикке чейин), андан жогору шалбаалуу жаңгак токой-бадалдуу ландшафт алкактары басымдуу. Чарбачылыкта жайыт, чабынды катары пайдаланылат.