География:ТЕРЕК-ДАВАН ТООСУ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
ТЕРЕК-ДАВАН ТООСУ Алай кырка тоосунун чыгыш тармагы. Гүлчө өрөөнүнүн чыгышында, Терексуу, Чоңкөл (Гүлчөнүн оң куймалары) ж-а Терек, Ташүй (Чыгыш Аксуунун оң куймалары) сууларынын аралыгында жайгашкан. Алай р-нун аймагында. Меридиан багытында жатат. Уз. 21 км, туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 3800 м, эң бийик жери 4674 м (Терек-Даван чокусу). Суу бөлгүчү тарам-тарам болуп тутумдашкан тилкени түзүп, аскалуу, ортосун карай бийиктейт. Мөңгү аз. Чыгыш ж-а батыш капталдары кыска, кокту-колоттуу, түн., түш. бөлүктөрү узунураак, жантайыңкы. Карбон м-н девондун калыңдыгы. 1200 мге чейин жеткен сланец, кумдук, конгломерат, кремний, базальттуу порфирит тектеринен туруп, тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Шалбаалуу талаа, бадал аралаш бийик чөптүү шалбаа (3000 мге чейин), субальп, альп шалбаа нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.