География:ПСКЕМ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ПСКЕМ КЫРКА ТООСУ Батыш Теңиртоодо, Кыргыз, Өзбек Республикаларынын чегарасында, Чаткал, Чандалаш ж-а Пскем сууларынын аралыгында түндүктөн түш.батышты карай 141 км аралыкка созулуп жатат. Туурасы 20 км. Басымдуу бийикт. 3800–4000 м, эң бийик жери 4395 м (Бештөр чокусу). Тоонун кыры негизинен тик ж-а аскалуу. Тоо түндүккө бийиктеп, Бештөр чокусунан тартып мөңгү аянттары кездешет. Тоо капталдары негизинен тик (40–45°), кыска кокту-колоттуу капчыгайлар м-н тилмеленген. П. к. т. Аюутөр чокусунан (4025 м) түштүккө карай экиге бөлүнөт. Чаткалдын оң куймасы Көксуунун чыгышы Көксуу, батышы Пскем деп аталат. Тоонун бийик түн. бөлүгү жогорку ордовиктин 500 м калыңдыктагы бозомтук жашыл кумдук, порфирлүү диабаз, сланец ж-а ортоңку девондун кызыл түстүү кумдук, гравелит, конгломерат, сланец, акиташ тектеринен турат. Айрым жерлерде палеозойдун башталышында жиреп чыккан гранит, гранитдиорит интрузиялары бар. Түш. жапыз бөлүгү карбондун доломит ж-а доломиттешкен акиташ, кремний тектеринин катмарларынан туруп, Өзбекстандын аймагында төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диорит ж. б. тектерине өтөт. Тоо тектер бүктөлүүлөргө дуушарланып деформацияланган, түш. ж-а түш.-чыгышка багытталган тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Тоону түзгөн тектерде титан, ванадий, марганец ж. б. кендер бар. Тоодон Пскем ж-а Чаткал сууларынын ондогон куймалары башталат. Талаа ж-а шалбаалуу талаа (2200–2300 м), бийик чөптүү шалбаа ж-а бадалдуу токой (2300–2700 м), орто бийиктиктеги шалбаа ж-а шалбаалуу талаа (2700–3000 м), андан жогору субальп ж-а альп шалбаасы, субнивалдык суук чөл, гляциалдык-нивалдык ландшафттар мүнөздүү. Тоо чарбачылыкта чөп чабынды, жайыт катары ж-а токойчулукта пайдаланылат.