География:ОЛОКОНТОО: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
ОЛОКОНТОО – Алай кырка тоосунун түн. тармагы. Талдык, Акбуура сууларынын аралыгында кеңдик багытында 34 кмге созулуп жатат. Туурасы 10 км. Орт. бийикт. 4000–4200 м, эң бийик жери 4629 м. Тоонун кыры аска-зоокалуу, мөңгүлүү, түн. капталдары тик, түштүгү узун, кокту-колоттуу. Силурдун аягында пайда болгон сланец, кумдук, катмарланган кремний ж-а диабаз; девон м-н карбондун кремнийлүү сланец, филлит, акиташ тектеринен турат. Түн. капталына талаа (1900–2100 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а шалбаалуу токой (арча, бадалдар; 2100–3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы (3000–3300 м), түш. капталына шалбаалуу талаа ж-а шалбаалуу токой (2700–2900 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы, сейрек бетегелүү талаа (2900–3200 м), нивалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.