География:КЫЗАРТ ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

КЫЗАРТ ТООСУ Ички Теңиртоодо. Чыгышындагы Каракокту тоосунан батыштагы Кызарт суусунун өрөөнүнө чейин 30 кмге созулуп жатат. Туурасы 16 км, орт. бийикт. 3800 м, эң бийик жери 4400 м. Түн. капталы жазы келип, Кызарт суусунун өрөөнүнө түшөт. Түш. капталы кыска, андан Төлөк ж-а Килемче суулары башталат. Ал суулардын аралыгындагы мойнок аркылуу Соңкөл тоосу м-н туташат. К. т. неогентөртүнчүлүк доордо көтөрүлгөн горстмегантиклиналь. Негизинен сланец, алевролит, туф ж. б. тектерден түзүлгөн. Кырында ж-а тармактарында 4000–3200 м бийиктикте байыркы тайпак жондор кездешет. Тепши сымал өрөөндөр да бар. Азыркы мөңгүлөр 4400–3640 м бийиктикте жайгашкан (аянты 13,2 км2), алардын этегинде мореналар жатат. Айрым жеринде мореналар тоонун этегине чейин жетет. Бийик тоолуу талаа (2300–2800 м), субальп (2800–3100 м), альп (3100–3400 м) шалбаа, нивалдык-гляциалдык ландшафт зоналары мүнөздүү.