География:КҮНГӨЙ АЛАТОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

КҮНГӨЙ АЛАТОО – Түн. Теңиртоодогу кырка тоо. Каркыра өрөөнүнөн Боом капчыгайына чейин кеңдик багытта 285 кмге созулат. Түштүгүнөн Ысыккөл өрөөнү, түндүгүнөн Чоң Кемин ж-а Челек өрөөндөрү м-н чектешет. Кемин-Челек тоо тоому аркылуу Иле Алатоосу м-н туташат. Орт. бийикт. 4200 м, эң бийик жери 4770 м (Чоктал чокусу). Тоо кескин асимметриялуу: түш. капталы жантайыңкы, узак (15–20 км), түндүгү тик, чукул (6–9 км). К. А-до тектон. көтөрүлүүдөн пайда болгон рельефтин 3 ярусу бар. Жогорку ярусу палеозойдун аягынан миоцендин башталышына чейин пайда болуп, тоо кырларында (4000–4400 м, батыш жагында 2400–3800 м бийиктикте) пенеплен калдыктары түрүндө кездешет. Калган эки (ортоңку, төмөнкү) ярусу неогенантропогенде калыптанып, тектон. кыймылдын көчүшүнөн К. А. бийик тоого айланган. Адегенде (Рg–N 1 ) тектон. көтөрүлүүнүн ылдамдыгы жылына 0,02–0,04 мм болсо, кийин жылына 6 ммге жеткен. Антропоген мезгилинин орто ченинде тоолордун абс. бийикт. 3600–4000 м болгон. Андан бери да тектон. кыймылдар токтобой, чоң кыйроолор жүргөн; буга Верный (1887), Челек (1889), Кемин (1911), Кемин-Чүй (1938) ж.б. жер титирөөлөрү далил болот. К.А. геол. структурасы татаал мегантиклиналь. Түндүгүнөн Челек-Кемин грабенинин тектон. жаракалары м-н чектелип, түштүгүнөн тектон. жаракалар аркылуу Ысыккөл мегасинклиналына такалат. Тоону негизинен кембрийге чейинки метаморфизмделген тоо тектер, палеозойдун башталышындагы жанар тоо-терриген ж-а карбонат катмарлары, девондун порфирит-туфтуу формациясы, карбондун башталышы м-н ортосунда пайда болгон терриген-карбонат чөкмөлөрү түзөт. Тоонун көп бөлүгүндө кембрийге чейин ж-а палеозойдун башталышында пайда болгон гранитоид интрузиялары, чулу тоо тектердин үстүндө кайнозойдун континенттик борпоң чөкмөлөрү жатат. К. А-до бири биринен келишпестик беттери м-н бөлүнгөн структуралык кабаттар (палеозойго чейинки фундамент, каледон ж-а альп структуралары) бар. Кен байлыктарынан палеозойдун гранитоиддери м-н байланыштуу болгон полиметалл, молибден, вольфрам, жездин чакан кендери белгилүү. Мындагы табигый курулуш материалдары жерг. курулуштарда ж-а жол салууда кеңири пайдаланылууда. Карбон мезгилинин акиташ теги кенинин базасында респ-дагы ири ишкана – Күрмөнтү цемент з-ду иштейт. Төртүнчүлүк мезгилдин К. А-ну ири мөңгүлөр ээлеп, азыркыдан (370,7 км2) кыйла чоңдук кылган. Бул мөңгү чөкмөлөрү Чолпоната м-н Чоң Аксуу сууларынын ортосунда неоген катмарынын үстүндө жатып, Чолпоната морена комплексин түзөт. Ал Чолпоната суусунун нугунан 560 м бийиктикте жатат. Азыр мөңгү аз.

 Алар негизинен Кемин–Челек тоо тоомуна ж-а Чоктал массивинде жайгашкан.

Мөңгүлөрдөн көп суу башталат. Тоодогу өрөөндөрдүн төм. бөлүктөрү кууш (терең капчыгайлуу), жогорку жагы байыркы мөңгүнүн таасиринен тепши сымал. Тоонун ландшафттары бийиктик зоналуулугуна ж-а каптал экспозициясына жараша өзгөрөт. Түн. капталы нымдуу (жылдык жаан-чачыны 700 мден кем эмес), өсүмдүктөрү жыш, күнгөйү каксоо. Кырка тоонун түш.-батыш учуна (Балыкчынын тегереги, Боом капчыгайынын кептеш жерлерине) таштак чөл ландшафты мүнөздүү. Күнгөй бетиндеги жарым чөлдө (1900– 2400 м бийиктикке чейин) чий, акшыбак, чекенди, терскен ж. б. өсүмдүктөр басымдуу. Талаа алкагы (батышында 2400–2900 м, чыгышында 1900–2400 м) чопо ж-а кум аралаш коңур топурактуу келип, кызылот, шыбак, бетеге, айгыржыгар ж. б. өсөт. Чыгыш бөлүгүндө андан жогору мезофилдик ландшафт мүнөздүү, кокту-колоттордо, терең капчыгайларда түрдүү бадал, карагай токой (Чолпоната суусунан чыгышты карай, өзгөчө Чоң ж-а Кичи Аксуу алаптарында) көп. 2800–3000 мден жогору субальп, альп шалбаалуу талаа (батышында), шалбаа (чыгышында) ландшафттары өнүккөн. К.А-нун тескейи күнгөйүнөн кескин айырмаланат. Тоонун этегинен тартып чокусуна чейин мезофилдик же нымдуу ландшафттар басымдуулук кылат. Төмөнкү алкак (1500–2000 м) кара коңур ж-а кара топурактуу; ага буудайык, кой жалбырак, аткулак, түлкү куйрук, теңге-чөп, казтаман ж.б. өсүмдүктүү шалбаалуу талаа мүнөздүү. Токой Жалгызтал м-н Ортокойсуу сууларынын аралыгында, 2000–2800 м бийиктикте туташ тилкени түзүп, негизинен карагай, арча, ыргай, четин аларга шалбаа чөптөр аралаш өсөт. Андан жогорку (2900–3100 м) шалбаалуу субальп алкагында түлкү куйрук, шимүүр, казтаман, байчечекей, көбүргөн, чыйпылдак, тулаң, өлөң чөп ж.б. басымдуу. Альп шалбаа алкагы (3100– 3400 м) кыска чөптүү, андан жогору нивалдык-гляциалдык алкак мүнөздүү. К. А-догу ашуулар (Байсоорун, бийикт. 3780 м; Сүттүүбулак, 3900 м; Куугандытөр, 3800 м; Аксуу, 4150 м; Дөрө, 3734 м; Торайгыр, 3250 м; Калмакашуу, 3500 м ж. б.) Ысыккөл өрөөнүн Алматы ш., Чоң Кемин ж-а Челек өрөөндөрү м-н байланыштырат.

Ш. Качаганов