География:КӨЙКАП ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
м (1 версия)
 
1-сап: 1-сап:
, Каптоо – Бозкыр кырка тоосунун түн.-чыгыш тармагы. Борб.
<strong>КӨЙКАП ТООСУ</strong>, Каптоо – Бозкыр кырка тоосунун түн.-чыгыш тармагы. Борб.
Теңиртоодо. Теректи ж-а Майбаш өрөөндөрүн бөлүп, чыгыштан батышка карай созулуп жаткан горст-антиклиналь.
Теңиртоодо. Теректи ж-а Майбаш өрөөндөрүн бөлүп, чыгыштан батышка карай созулуп жаткан горст-антиклиналь.
Уз. 30 км, туурасы 8 км. Орт. бийикт. 4000 м, эң бийик жери 5117 м. Тоо негизинен палеозойдун аягында пайда болгон акиташ теги, кристаллдуу сланец ж-а гранитоид интрузияларынан турат. Түн. капталына кыска өрөөндөр көп, алардын төрүндө мөңгүлөр жатат. Түн. капталында кургак талаа, токойшалбаалуу талаа, субальп, альп ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Түш. тарабы аскалуу, куюлма шагыл көп. Жайыт.

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

КӨЙКАП ТООСУ, Каптоо – Бозкыр кырка тоосунун түн.-чыгыш тармагы. Борб. Теңиртоодо. Теректи ж-а Майбаш өрөөндөрүн бөлүп, чыгыштан батышка карай созулуп жаткан горст-антиклиналь. Уз. 30 км, туурасы 8 км. Орт. бийикт. 4000 м, эң бийик жери 5117 м. Тоо негизинен палеозойдун аягында пайда болгон акиташ теги, кристаллдуу сланец ж-а гранитоид интрузияларынан турат. Түн. капталына кыска өрөөндөр көп, алардын төрүндө мөңгүлөр жатат. Түн. капталында кургак талаа, токойшалбаалуу талаа, субальп, альп ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Түш. тарабы аскалуу, куюлма шагыл көп. Жайыт. Каптоо – асман мелжиген, адам өтө алгыс, ашуусуз бийик тоолуу, терең капчыгайлуу аймакты билдирүүчү түшүнүк. Номен орто кылымдарда Жакынкы ж-а Орто Чыгыш өлкөлөрүндө белгилүү болгон тарыхый Каф тоосунун атынан келип чыккан. Иранараб мифологиясы б-ча Каф жердин четиндеги же жер бетин курчап турган адам өтө алгыс, өтө бийик тоо. Араб-фарсы адабияттарында ал Йаджуд, Маджуд, европалык жомоктордо Гог, Магог тоолору деп да аталат. Кочкор р-нун аймагында «Кан» деген тоо ж-а ашуу бар.