География:КӨГИРИМ ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

КӨГИРИМ ТООСУ Ички Теңиртоодо, Тогузторо ж-а Кетментөбө өрөөндөрүнүн аралыгында. Уз.60 км,эң жазы жери 38 км. Орт. бийикт. 3770 м, эң бийик жери 4351 м (Байдамтал). Нарын капчыгайынан Капка ашуусуна чейин созулат. Кембрий, девон, ордовиктин кумдук, сланец, акиташ ж.б. тектеринен түзүлгөн. Ортосу бийик ж-а аскалуу, батыш жагы жапыз, түштүгүндө кууш ж-а терең капчыгайлар бар; түн.чыгышына үстү тегиз тоо айрыктары мүнөздүү (Кызылтатыр, Турук, Акбашат). Мөңгүлөр тоонун ортоңку бөлүгүнүн түн. бийик беттеринде. Нарын капчыгайына караган тарабы кургак келип, батышы нымдуу, бадал ж-а дарак өсүмдүктөрү өсөт. Түш. беттерине талаа (1400–2000 м), бадал аралаш токой ж-а шалбаа (2000– 3000 м), субальп ж-а альп шалбаалуу талаа (3000–3900 м), түн. капталына талаа (1600– 2400 м), шалбаа ж-а майда бадал (2400– 2900 м), субальп, альп (2900–4000 м), ал эми тоо чокуларына нивалдык ландшафттар мүнөздүү.