География:КОШОЙТОО: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |

| 1-сап: | 1-сап: | ||
КОШОЙТОО – Талас Алатоосунун түн.чыгыш тармагы. Каракол ж-а Үчкошой (Таластын башы) сууларынын аралыгында чыгыштан батышка карай 36 кмге дого сымал созулуп жатат. Туурасы 8 км, орт. бийикт. 3100 м, эң бийик жери 3921 м. Бийик чокулары: Чолок (3672 м), Чаарташ (2983) ж.б. Кыры чыгыш бөлүгүндө кууш, тик аскалуу, батышында тайпагыраак келип, Талас өрөөнү тарапка жапыздайт. Капталдары кыска ж-а тик, капчыгайлуу. Негизинен ордовиктин андезиттүү гранит, базальттуу порфирит, туф тектеринен турат. Жапыз батыш бөлүгү төртүнчүлүк доордун кум, чопо тектери м-н капталган. Түн. капталынан Ортокошой, Талдыбулак суулары агып түшөт. Талаа (2300 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а шалбаа (2300–2800 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Чөп чабынды, жайыт катары пайдаланылат. | |||

[[Category:География, Тармактык Энц]] |

[[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
КОШОЙТОО – Талас Алатоосунун түн.чыгыш тармагы. Каракол ж-а Үчкошой (Таластын башы) сууларынын аралыгында чыгыштан батышка карай 36 кмге дого сымал созулуп жатат. Туурасы 8 км, орт. бийикт. 3100 м, эң бийик жери 3921 м. Бийик чокулары: Чолок (3672 м), Чаарташ (2983) ж.б. Кыры чыгыш бөлүгүндө кууш, тик аскалуу, батышында тайпагыраак келип, Талас өрөөнү тарапка жапыздайт. Капталдары кыска ж-а тик, капчыгайлуу. Негизинен ордовиктин андезиттүү гранит, базальттуу порфирит, туф тектеринен турат. Жапыз батыш бөлүгү төртүнчүлүк доордун кум, чопо тектери м-н капталган. Түн. капталынан Ортокошой, Талдыбулак суулары агып түшөт. Талаа (2300 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а шалбаа (2300–2800 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Чөп чабынды, жайыт катары пайдаланылат.