География:КОЧКОРДӨБӨ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

КОЧКОРДӨБӨ – Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш тармагы. Кетментөбө өрөөнүнүн түштүгүнөн орун алган. Батыштан чыгышка карай кеңдик багытта ийилип жатат. Уз. 21 км, туурасы 6 км. Орт. бийикт. 1700–1800 м, эң бийик жери 2534 м. Тоонун суу бөлгүчү түзөң ж-а тайпак. Тоо капталдары жантайыңкы (20–30°). Неогендин боз түстүү конгломерат, кумдук тектеринен түзүлгөн. Эфемершыбактуу жарым чөл, бийик чөптүү талаа ландшафттары басымдуу. Чарбачылыкта чабынды, жайыт катары пайдаланылат.