География:КОРГОТОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

КОРГОТОО – Ички Теңиртоодогу кырка тоо. Соңкөлдүн түш.-чыгышында. Кажырты ж-а Жергетал сууларынын аралыгында түн.-батыштан түш.-чыгышка карай 22 кмге созулуп жатат. Туурасы 7–8 км. Орт. бийикт. 2700–3200 м, эң бийик жери 3722 м. Кыры тайпак, түш.-батыш капталы кыска, Кажырты капчыгайына тик түшөт; түн.-чыгыш бети узун, жантайыңкы, кокту-колоттуу. Негизинен карбондун акиташ теги, доломит, конгломерат, гипс, сланец тектеринен турат. Тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Талаа ж-а бадал-токойлуу шалбаалуу талаа (2700– 2900 м бийиктикке чейин), субальп, альп шалбаасы (3200–3400 мге чейин) ландшафттары басымдуу; нивалдык алкак жокко эсе. Жайыт.