География:КАРАКЫР ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)

1-сап: 1-сап:
КАРАКЫР ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Терек ж-а Алайкуу сууларынын (Тардын оң куймалары) аралыгында кеңдик багытта 36 кмге созулуп жатат. Туурасы 12 км. Орт. бийикт. 3900– 4100 м, эң бийик жери 4634 м (Кашкасуу чокусу). Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлүү, капталдары тик, капчыгай, кокту-колоттору көп. Тоонун чыгыш бийик бөлүгү юра мезгилинин конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит, жапызыраак батышы бордун кызыл түстүү кумдук, алевролит, чопо ж-а акиташ тектеринен турат. Субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (2900–3100 мге чейин) ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары басымдуу. Жайыт.
КАРАКЫР ТООСУ – Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагы. Терек ж-а Алабука сууларынын алабынан орун алган. Уз.
25 км, туурасы 15 км. Орт. бийикт. 3900– 4100 м, эң бийик жери 4309 м. Тоо түндүктөн түштүккө ж-а түш.-батышка карай созулат. Тоонун суу бөлгүчү негизинен түзөң, тайпак, мөңгү жок. Капталдары тигирээк (35–45°), узун кокту-колоттуу, капчыгайлары бар. Палеозой м-н рифейдин гранит, гранит-диорит, габбро-диорит, серпентинит интрузия тектеринен турат. Коргошун, сурьманын кендери кездешет. Ландшафтына шалбаалуу талаа (2300–2400 мге чейин), шалбаалуу жаңгак токою (2400–2700 м), бийик чөптүү шалбаа (2700–3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (3000–3300 м), андан жогору гляциалдыкнивалдык бийиктик зоналары мүнөздүү.

[[Category:География, Тармактык Энц]]

[[Category:География, Тармактык Энц]]

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

КАРАКЫР ТООСУ – Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагы. Терек ж-а Алабука сууларынын алабынан орун алган. Уз. 25 км, туурасы 15 км. Орт. бийикт. 3900– 4100 м, эң бийик жери 4309 м. Тоо түндүктөн түштүккө ж-а түш.-батышка карай созулат. Тоонун суу бөлгүчү негизинен түзөң, тайпак, мөңгү жок. Капталдары тигирээк (35–45°), узун кокту-колоттуу, капчыгайлары бар. Палеозой м-н рифейдин гранит, гранит-диорит, габбро-диорит, серпентинит интрузия тектеринен турат. Коргошун, сурьманын кендери кездешет. Ландшафтына шалбаалуу талаа (2300–2400 мге чейин), шалбаалуу жаңгак токою (2400–2700 м), бийик чөптүү шалбаа (2700–3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (3000–3300 м), андан жогору гляциалдыкнивалдык бийиктик зоналары мүнөздүү.