География:КАРАКҮНГӨЙ ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

КАРАКҮНГӨЙ ТООСУ Ички Теңиртоодо. Тескей Алатоонун түн.-батыш тармагы. Улакол – Семизбел өрөөнү м-н Каракүнгөй (Кочкордун оң куймасы) суусунун аралыгынан орун алган. Кочкор ж-а Тоң р-ндорунун аймагында. Уз. 22 км, туурасы 7 км. Орт. бийикт. 3700–3800 м, эң бийик жери 4081 м. Түн.-батыштан түш.-чыгышка карай бийиктеп, курчап жаткан өрөөндүн таманынан 1200–1300 м көтөрүлүп жатат. Кыры чыгышында аскалуу, айрым жерлеринде мөңгү кездешет, капталдары тик ж-а кыска; батышында тайпагыраак, капталдары жантайыңкы. Тоодон Каракүнгөй, Борке, Сарытөр суулары (Улаколдун сол куймалары) башталат. Негизинен палеозойдун башталышында пайда болгон кумдук, алевролит, сланец тектеринен туруп, айрым жерлерин ордовиктин гранит, гранит-диорит интрузия тектери жиреп чыккан. Кургак талаа ж-а майда бадал аралашкан талаа (2600 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа (2600–2900 м), субальп ж-а альп шалбаалуу талаа (2900–3500 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.