География:КАПКАТАШ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

КАПКАТАШ КЫРКА ТООСУ Ички Теңиртоодо, Кичи Нарын ж-а Сарыкүнгөй (Ооруктам) м-н Карасаз, Солтонсары ж-а Көкторпок тектон. өрөөндөрүнүн аралыгында. Уз. 71 км. Эң жазы жери 10 км. Орт. бийикт. 3550 м, эң бийик жери 3964 м (Каракыр чокусу). Кырка тоодо кембрийдин кумдук теги, төм. палеозойдун гранити басымдуу. Батышы бийик, чыгышы жапыз; түн.-чыгышы өтө басаңдап, Кызылмойноктун белинде Жылаңач тоосуна өтөт. Тоонун түн. бетинин тиктиги 25–40°, түштүгүнүкү 45– 60°, капчыгайлуу. Батыш тарабы мөңгүлүү. Түн. капталына тоолуу талаа, субальп ж-а альп шалбаалуу талаа (2600–3600 м бийиктикте), батышында альп шалбаасы ж-а субнивалдык чөл басымдуу. Түш. бети каксоо, кургак талаа өсүмдүктөрү өсөт. Батыш бөлүгү нымдуу болгондуктан тулаңдуу. Жайыт.