География:ЖЕТИМБЕЛ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |

| 1-сап: | 1-сап: | ||
ЖЕТИМБЕЛ КЫРКА ТООСУ Ички Теңиртоодо. Чоң ж-а Кичи Нарын сууларынын алаптарын бөлүп, чыгыштан (Арабел суусунун имерилген жеринен) батышты карай (Айкөл ашуусуна чейин) созулуп жаткан мегантиклиналь. Уз. 102 км, туурасы 12 км. Орт. бийикт. 4170 м, эң бийик жери 4627 м (Сөөк чокусу). Чыгыш бөлүгү Сөөк деп аталат. Чыгышындагы Арабел ж-а Жогорку Нарын өрөөндөрүнөн салыштырмалуу бийиктиги 600–1000 м, батышындагы Буркан ж-а Арчалы өрөөндөрүнүн 1000–1200 м көтөрүңкү. Тоо бир кылка, оркойгон чокулар жок. Капталдары тик ж-а кыска, тепши сымал өрөөндөр м-н терең тилмеленген; өрөөндөрдүн төрлөрүн мөңгү ээлеп, касаба жабык төрлөр м-н бүтөт. Байыркы муз каптоонун издери (байыркы түздүктөр, тепши сымал өрөөндөр, мөңгү таштар ж. б.) көп кездешет. Ашуулары (мөңгүнүн таасиринен пайда болгон): Жетимбел (3993 м бийиктикте), Сөөк (4022 м), Сарытөр (4050 м), Кызылсуу (3975 м). Негизинен жогорку протерозойдун гранит, гранит-диорит, филлит, кварцит, Сөөк тоосу мраморлошкон, доломиттешкен кристаллдык акиташ тегинен, графиттешкен филлит тектеринен түзүлгөн. | |||
Аталган тектердин байыркы түзүлүштөрү неоген төртүнчүлүк мегзилдеринде жогору көтөрүлүп, бийик тоолуу рельеф пайда болгон. Тоо мөңгүлүү, алардын жалпы аянты 84,6 км2 (чыгышты карай мөңгүнүн аянты кеңейе баштайт). Тоонун түш. капталына (3200–3600 м) жарым чөл, кургак талаа (3300–3900 м), альп талаасы (3800–4000 м), 4000 мден жогору гляциалдык-нивалдык; түн. капталына шалбаалуу талаа (3700–3900 м), субнивалдык (3600–3800 м), 4000 мден жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Кырка тоодогу ашуу аркылуу Ысыккөл өрөөнүн сырт м-н байланыштыруучу авт. жолу өтөт. Жайыт. | Аталган тектердин байыркы түзүлүштөрү неоген төртүнчүлүк мегзилдеринде жогору көтөрүлүп, бийик тоолуу рельеф пайда болгон. Тоо мөңгүлүү, алардын жалпы аянты 84,6 км2 (чыгышты карай мөңгүнүн аянты кеңейе баштайт). Тоонун түш. капталына (3200–3600 м) жарым чөл, кургак талаа (3300–3900 м), альп талаасы (3800–4000 м), 4000 мден жогору гляциалдык-нивалдык; түн. капталына шалбаалуу талаа (3700–3900 м), субнивалдык (3600–3800 м), 4000 мден жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Кырка тоодогу ашуу аркылуу Ысыккөл өрөөнүн сырт м-н байланыштыруучу авт. жолу өтөт. Жайыт. | ||

[[Category:География, Тармактык Энц]] |

[[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
ЖЕТИМБЕЛ КЫРКА ТООСУ Ички Теңиртоодо. Чоң ж-а Кичи Нарын сууларынын алаптарын бөлүп, чыгыштан (Арабел суусунун имерилген жеринен) батышты карай (Айкөл ашуусуна чейин) созулуп жаткан мегантиклиналь. Уз. 102 км, туурасы 12 км. Орт. бийикт. 4170 м, эң бийик жери 4627 м (Сөөк чокусу). Чыгыш бөлүгү Сөөк деп аталат. Чыгышындагы Арабел ж-а Жогорку Нарын өрөөндөрүнөн салыштырмалуу бийиктиги 600–1000 м, батышындагы Буркан ж-а Арчалы өрөөндөрүнүн 1000–1200 м көтөрүңкү. Тоо бир кылка, оркойгон чокулар жок. Капталдары тик ж-а кыска, тепши сымал өрөөндөр м-н терең тилмеленген; өрөөндөрдүн төрлөрүн мөңгү ээлеп, касаба жабык төрлөр м-н бүтөт. Байыркы муз каптоонун издери (байыркы түздүктөр, тепши сымал өрөөндөр, мөңгү таштар ж. б.) көп кездешет. Ашуулары (мөңгүнүн таасиринен пайда болгон): Жетимбел (3993 м бийиктикте), Сөөк (4022 м), Сарытөр (4050 м), Кызылсуу (3975 м). Негизинен жогорку протерозойдун гранит, гранит-диорит, филлит, кварцит, Сөөк тоосу мраморлошкон, доломиттешкен кристаллдык акиташ тегинен, графиттешкен филлит тектеринен түзүлгөн. Аталган тектердин байыркы түзүлүштөрү неоген төртүнчүлүк мегзилдеринде жогору көтөрүлүп, бийик тоолуу рельеф пайда болгон. Тоо мөңгүлүү, алардын жалпы аянты 84,6 км2 (чыгышты карай мөңгүнүн аянты кеңейе баштайт). Тоонун түш. капталына (3200–3600 м) жарым чөл, кургак талаа (3300–3900 м), альп талаасы (3800–4000 м), 4000 мден жогору гляциалдык-нивалдык; түн. капталына шалбаалуу талаа (3700–3900 м), субнивалдык (3600–3800 м), 4000 мден жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Кырка тоодогу ашуу аркылуу Ысыккөл өрөөнүн сырт м-н байланыштыруучу авт. жолу өтөт. Жайыт.