География:АТБАШЫ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

АТБАШЫ КЫРКА ТООСУ – Ички Теңиртоонун түш. бөлүгүндөгү кырка тоо. Түн.чыгыштан (Кынды ашуусунан) түш.-батышка (Түз ашууга чейин) 140 кмге созулуп жатат. Туурасы 30 кмге чейин. Орт. бийикт. 4280 м, эң бийик жери 4786 м (Желтегирмен чокусу). Кырка тоо түн.-чыгыштан түш.батышка карай улам бийиктеп, Терексуу тушта кайрадан жапыздайт. Капталдарында суу өрөөндөрү, суу жеп кеткен кокту-колоттор, жыбыт-жылгалар көп. Кыр тилкелеринде чакан мөңгүлөр кездешет. Бул тилкеде мөңгүнүн аракетинен пайда болгон рельефтин формалары – тепши сымал өрөөндөр, төрлөр бар. Шоңшойгон шиш чокулары, тоо тектеринин сыныктарынын эшилмелери кеңири таралган. Кырка тоонун негизин кембрийге чейинки ж-а кембрий, силур, девон, таш көмүр, пермь мезгилдеринде пайда болгон тоо тектер (гнейс, сланец, конгломерат, кумдук, акиташ теги, мрамор, туф, порфирит) түзөт. Тоо аралык ойдуңдар м-н суу өрөөндөрүндө төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон аллювий ж-а морена тектери топтолгон. Интрузия тоо тектеринен габбро-диабаз, диорит, гранит-диорит, гранит ж-а сиениттер бар. Атбашы антиклинорийи – кырка тоонун тектон. Негизги луу тоо тармактарын түзүп, Карасууга (оң) ж-а Нарын д-на акырындап эңкейиштейт. Ортоңку девондун, карбондун 1700 мге чейинки калыңдыктагы кумдук, алевролит, сланец, акиташ, конгломерат тектеринен турат; алар кеңдик багыттагы тектон. жаракалар м-н бөлүнгөн. Тоодон Каракулжа, Узунакмат, Карасуу (оң), Нарын д-нын көптөгөн куймалары башталат. Түн. капталында аянты 4–5 км2 келген көл бар. Ландшафты бийиктик алкактуулук б-ча өзгөрөт: жарым чөл ж-а талаа (2200 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа (2400 мге чейин), жаңгак-жемиш токой аралашкан бийик чөптүү шалбаа (2800 мге чейин), карагай, ак карагайлуу шалбаа (3000 мге чейин), субальп, альп шалбаасы (3600 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; жаңгак ж-а ар кандай мөмөжемиштер жыйналат. Кооз табиятын рекреацияда кеңири пайдаланууга болот.