География:АЛАЙ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong>АЛАЙ КЫРКА ТООСУ</strong> Алай–Түркстан тоо системасына кирет. Кеңдик багытта 350 кмге созулуп жатат. Орт. жазылыгы 70– 80 км (Фергана өрөөнүнө чейин), эң бийик жери 5539 м (батышында Тамдыкул чокусу). | |||
Тоо орографиялык жактан кескин айырмаланган 3 бөлүктөн турат. Б а т ы ш б и й и к б ө л ү г ү н д ө тоонун түн. капталы Кыргыз Республикасына карап, негизинен Сох д-нын алабын камтыйт; мында бийик чокулуу мөңгүлөр арбын. Кыры аска-зоокалуу келип, 4500–5000 м бийиктиктен жогору жатат. | Тоо орографиялык жактан кескин айырмаланган 3 бөлүктөн турат. Б а т ы ш б и й и к б ө л ү г ү н д ө тоонун түн. капталы Кыргыз Республикасына карап, негизинен Сох д-нын алабын камтыйт; мында бийик чокулуу мөңгүлөр арбын. Кыры аска-зоокалуу келип, 4500–5000 м бийиктиктен жогору жатат. | ||
Тоонун түн. капталы жазы (60–70 км), терең капчыгайлуу өрөөндөр (Кожашкан, Сох ж.б.) м-н тилмеленип, Жетикөл (бийик чокусу – 4079 м), Коргон (5100 м), Кулдуктоо (5016 м), Куруксай (5147 м), Тескей (3690 м) тоо тармактарынан турат. О р т о ң к у б ө л ү г ү Исфайрамсай, Акбуура, Талдык (түндүгүндө), Кызылсуу (түштүгүндө) сууларынын алабын камтып, ири мөңгүлөр (Егоров, Дугов, Ливинский, Федченко, Гезарт, Агарт, Сарымогол, Кайыңды) жайгашкан. Кыры аскалуу, негизинен 4300–4600 м бийиктикте жатат. Тоонун түн. капталы (жазылыгы 70– 80 км) Фергана өрөөнүнө жантайыңкы, баш жагында терең капчыгайлуу кенен өрөөндөр (Кичи Алай, Сурматаш, Исфайрамсай, Шаймерден ж. б.) арбын. Түндүгүндөгү тоо тармактары: Коллектор (эң бийик жери –5259 м), Кичи Алай (4933 м), Актөр (4501 м), Жоожатты (4048 м), Гаузан (3273 м), Ярунтуз (3670 м), Олоконтоо (4629 м), Талдык (4237 м), Текесекирикбел (2913 м) ж. б. Түш капталы Алай өрөөнүн карай тик түшөт, кыска (10–15 км); кокту-колоттор, майда капчыгайлар, Текелик (эң бийик жери 5727 м), Каратепе (3794 м) сымал тармактары бар. | Тоонун түн. капталы жазы (60–70 км), терең капчыгайлуу өрөөндөр (Кожашкан, Сох ж.б.) м-н тилмеленип, Жетикөл (бийик чокусу – 4079 м), Коргон (5100 м), Кулдуктоо (5016 м), Куруксай (5147 м), Тескей (3690 м) тоо тармактарынан турат. О р т о ң к у б ө л ү г ү Исфайрамсай, Акбуура, Талдык (түндүгүндө), Кызылсуу (түштүгүндө) сууларынын алабын камтып, ири мөңгүлөр (Егоров, Дугов, Ливинский, Федченко, Гезарт, Агарт, Сарымогол, Кайыңды) жайгашкан. Кыры аскалуу, негизинен 4300–4600 м бийиктикте жатат. Тоонун түн. капталы (жазылыгы 70– 80 км) Фергана өрөөнүнө жантайыңкы, баш жагында терең капчыгайлуу кенен өрөөндөр (Кичи Алай, Сурматаш, Исфайрамсай, Шаймерден ж. б.) арбын. Түндүгүндөгү тоо тармактары: Коллектор (эң бийик жери –5259 м), Кичи Алай (4933 м), Актөр (4501 м), Жоожатты (4048 м), Гаузан (3273 м), Ярунтуз (3670 м), Олоконтоо (4629 м), Талдык (4237 м), Текесекирикбел (2913 м) ж. б. Түш капталы Алай өрөөнүн карай тик түшөт, кыска (10–15 км); кокту-колоттор, майда капчыгайлар, Текелик (эң бийик жери 5727 м), Каратепе (3794 м) сымал тармактары бар. | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
АЛАЙ КЫРКА ТООСУ Алай–Түркстан тоо системасына кирет. Кеңдик багытта 350 кмге созулуп жатат. Орт. жазылыгы 70– 80 км (Фергана өрөөнүнө чейин), эң бийик жери 5539 м (батышында Тамдыкул чокусу). Тоо орографиялык жактан кескин айырмаланган 3 бөлүктөн турат. Б а т ы ш б и й и к б ө л ү г ү н д ө тоонун түн. капталы Кыргыз Республикасына карап, негизинен Сох д-нын алабын камтыйт; мында бийик чокулуу мөңгүлөр арбын. Кыры аска-зоокалуу келип, 4500–5000 м бийиктиктен жогору жатат. Тоонун түн. капталы жазы (60–70 км), терең капчыгайлуу өрөөндөр (Кожашкан, Сох ж.б.) м-н тилмеленип, Жетикөл (бийик чокусу – 4079 м), Коргон (5100 м), Кулдуктоо (5016 м), Куруксай (5147 м), Тескей (3690 м) тоо тармактарынан турат. О р т о ң к у б ө л ү г ү Исфайрамсай, Акбуура, Талдык (түндүгүндө), Кызылсуу (түштүгүндө) сууларынын алабын камтып, ири мөңгүлөр (Егоров, Дугов, Ливинский, Федченко, Гезарт, Агарт, Сарымогол, Кайыңды) жайгашкан. Кыры аскалуу, негизинен 4300–4600 м бийиктикте жатат. Тоонун түн. капталы (жазылыгы 70– 80 км) Фергана өрөөнүнө жантайыңкы, баш жагында терең капчыгайлуу кенен өрөөндөр (Кичи Алай, Сурматаш, Исфайрамсай, Шаймерден ж. б.) арбын. Түндүгүндөгү тоо тармактары: Коллектор (эң бийик жери –5259 м), Кичи Алай (4933 м), Актөр (4501 м), Жоожатты (4048 м), Гаузан (3273 м), Ярунтуз (3670 м), Олоконтоо (4629 м), Талдык (4237 м), Текесекирикбел (2913 м) ж. б. Түш капталы Алай өрөөнүн карай тик түшөт, кыска (10–15 км); кокту-колоттор, майда капчыгайлар, Текелик (эң бийик жери 5727 м), Каратепе (3794 м) сымал тармактары бар. Ч ы г ы ш ж а п ы з б ө л ү г ү Куршаб, Көксуу (Чыгыш), Алайкуу-Тар сууларынын алаптарын ээлейт. Мында мөңгүлөр азайып, чокулары жапыздайт да түн.-чыгышта Какшаал–Фергана тоо тоомдоруна такалат. Кыры 3900–4300 м бийиктикте жатып, капталдары тик; кыска ж-а терең капчыгайлуу ири өрөөндөрү [Гүлчө, Көксуу (Чыгыш), Алайкуу ж. б.], Теректоо (эң бийик жери 4767 м), Көкбулак (4039 м), Алайкуу (4733 м) сымал тоо тармактары бар. А.к.т. генезистик тиби б-ча горст-антиклиналь; герцин бүктөлүүсүнөн пайда болгон. Батыш ж-а ортоңку бөлүктөрүнөн тоого жарыш жаткан, чыгышынан түштүктөн түндүккө багытталган тектон. жаракалар өтөт. Тоонун геол. түзүлүшү өтө татаал: батыш ж-а ортоңку бөлүктөрү силур, девон ж-а карбондун калыңдыгы 1500–3000 мге чейинки кумдук, кремнийлүү ж-а көмүрлүү сланец, гнейс, доломит, алевролит, акиташ, порфирит, туф, диабаз, полимиктүү ж-а акиташ тектүү конгломерат; чыгышы юранын калыңдыгы 3300 мге чейин жеткен конгломерат, гравелит, аргиллит тектеринен турат. Аларды айрым жерлерде (Кичи Алай, Кайыңды тоолору) гранит, гранитдиорит, сиенит интрузиялары жиреп чыккан. Тоо этектери (адырлар ж-а бөксө тоолор– Папан, Отузадыр, Катыраңтоо ж. б.) ж-а өрөөндөрдүн тамандары палеоген, неоген ж-а антропоген мезгилдеринин калыңдыгы 200 мге чейинки чөкмө тектери (чопо, кум, мергель, майда таш, шагыл) ж-а мөңгү шилендилери м-н капталган. А.к. т-нда сымап, сурьма, темир, боксит, вольфрам, висмут, полиметалл, мышьяк, көмүр ж. б. кендери бар. Алардын айрымдары өнөр жайлык мааниге ээ. Тоонун климаты ж-а ландшафты бийиктик алкактуулук закон ченемине ылайык өзгөрөт. Климаты негизинен континенттүү келип, жапыз тоолуу бөлүгүндө июль айынын орт. темп-расы 20–23°С, январдыкы – 3... – 5°С; орто бийиктиктеги бөлүгүндө июлдуку 14–16°С, январдыкы – 5... – 7°С; бийик тоолуу бөлүгүндө июлдуку 9–10°С, январдыкы – 16... – 18°С. Жылдык жаан-чачыны 300–400 мм. Ири суулары: Сох, Исфайрамсай, Аравансай, Акбуура, Гүлчө, Алайкуу-Тар (түн. капталында), Кызылсуунун куймалары (түштүгүндө). Түн. капталына кургак талаа ж-а талаа (2000– 2200 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а бийик чөптүү шалбаа (2600–2800 кмге чейин), жыш өскөн арча токойлуу шалбаа ж-а бадал аралашкан сейрек токой шалбаалуу талаа (2900–3100 мге чейин), субальп, альп шалбаа ж-а сейрек бетегелүү талаа (3500–3600 мге чейин), андан жогору бийик тоо тундралуу талаа ж-а нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Түш. бетинде бийик тоолуу кургак талаа ж-а шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу. А. к. т-нун чарбачылыкта мааниси зор: ири мөңгүлөрү ж-а түбөлүк кар алкагы Фергана ж-а Алай өрөөндөрүнө карай аккан сууларды толуктап турат; тоо тармактары ж-а капчыгай-өрөөндөрү малга жайыт катары пайдаланылат. Ашуулары: Талдык (3615 м), Карагушхана (3903 ж бийиктикте), Жаңыдаван (4379 м), Караказык (4495 м), Кайыңды (3997м), Теңизбай (2627 м), Текесалды (4072 м), Жиптик (4175 м), Шартдаван (3954 м). Талдык ашуусу аркылуу эл аралык маанидеги Ош – Хорог авт. жолу өтөт. Алай деген аттын келип чыгышы жөнүндө к. Жергиликтүү геогр. терминдер бөлүмүндөгү Ала макаласын. К. Матикеев