География:АКЧАҢГЫЛ ТООСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |

| 1-сап: | 1-сап: | ||
АКЧАҢГЫЛ ТООСУ – Академик Адышев атн. кырка тоонун батыш тармагы. Бүлөлү ж-а Жошолу (Куршабдын оң куймалары) сууларынын алабында чыгыштан батышка карай созулуп жатат. Уз. 32 км, туурасы 10 км. Орт. бийикт. 3500 м, эң бийик жери 4044 м. Тоо батыштан чыгышты карай бийиктеп, Академик Адышев атн. кырка тоого барып такалат. Батыш бөлүгү негизинен тайпагыраак ж-а жазы. Түш. капталы майда кокту-колоттуу келип, Кичи ж-а Чоң Бүлөлү сууларынын өрөөнүнө тик түшөт. Батыш бөлүгү Гүлчө өрөөнүн карай жантайыңкы. | |||
Түн.-чыгыш капталы жазы, Жошолу суусунун башы ж-а анын куймалары Кулмамбет, Буктурмалардын алабында тик капталдуу, аябай тилмеленген. Тоо капталдарына талаа (2200 мге чейин), шалбаалуу талаа (2200– 2600 м), шалбаалуу токой ж-а бадал (2600– 3100 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (3100–3600 м), 3600 мден жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; рекреация максаттарында пайдаланылат. | Түн.-чыгыш капталы жазы, Жошолу суусунун башы ж-а анын куймалары Кулмамбет, Буктурмалардын алабында тик капталдуу, аябай тилмеленген. Тоо капталдарына талаа (2200 мге чейин), шалбаалуу талаа (2200– 2600 м), шалбаалуу токой ж-а бадал (2600– 3100 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (3100–3600 м), 3600 мден жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; рекреация максаттарында пайдаланылат. | ||

[[Category:География, Тармактык Энц]] |

[[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
АКЧАҢГЫЛ ТООСУ – Академик Адышев атн. кырка тоонун батыш тармагы. Бүлөлү ж-а Жошолу (Куршабдын оң куймалары) сууларынын алабында чыгыштан батышка карай созулуп жатат. Уз. 32 км, туурасы 10 км. Орт. бийикт. 3500 м, эң бийик жери 4044 м. Тоо батыштан чыгышты карай бийиктеп, Академик Адышев атн. кырка тоого барып такалат. Батыш бөлүгү негизинен тайпагыраак ж-а жазы. Түш. капталы майда кокту-колоттуу келип, Кичи ж-а Чоң Бүлөлү сууларынын өрөөнүнө тик түшөт. Батыш бөлүгү Гүлчө өрөөнүн карай жантайыңкы. Түн.-чыгыш капталы жазы, Жошолу суусунун башы ж-а анын куймалары Кулмамбет, Буктурмалардын алабында тик капталдуу, аябай тилмеленген. Тоо капталдарына талаа (2200 мге чейин), шалбаалуу талаа (2200– 2600 м), шалбаалуу токой ж-а бадал (2600– 3100 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (3100–3600 м), 3600 мден жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; рекреация максаттарында пайдаланылат.