География:ЖАЛАЛАБАТ КУРОРТУ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong>ЖАЛАЛАБАТ КУРОРТУ</strong> – бальнеол.дары баткактуу ж-а климаттык курорт. | |||
Жалалабат ш-нан 5 км чыгыш тарапта. | Жалалабат ш-нан 5 км чыгыш тарапта. | ||
Көгарт өрөөнүндөгү Айыптоонун батыш капталында, деңиз деңг. 975 м бийиктикте жайгашкан. Бишкек ш-нан 550 км аралыкта (аба, т . ж . ж-а авт . жолдору аркылуу катташат). Курорт аймагына арча, мисте, каражыгач, туя, ак акация ж . б . дарактар отургузулган. Климаты континенттик. | Көгарт өрөөнүндөгү Айыптоонун батыш капталында, деңиз деңг. 975 м бийиктикте жайгашкан. Бишкек ш-нан 550 км аралыкта (аба, т . ж . ж-а авт . жолдору аркылуу катташат). Курорт аймагына арча, мисте, каражыгач, туя, ак акация ж . б . дарактар отургузулган. Климаты континенттик. | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
ЖАЛАЛАБАТ КУРОРТУ – бальнеол.дары баткактуу ж-а климаттык курорт. Жалалабат ш-нан 5 км чыгыш тарапта. Көгарт өрөөнүндөгү Айыптоонун батыш капталында, деңиз деңг. 975 м бийиктикте жайгашкан. Бишкек ш-нан 550 км аралыкта (аба, т . ж . ж-а авт . жолдору аркылуу катташат). Курорт аймагына арча, мисте, каражыгач, туя, ак акация ж . б . дарактар отургузулган. Климаты континенттик. Кышы жумшак, кар жылына 80 күндөн ашык жатат; январдын орт . темп-расы – 1,5°Сге жакын. Жаз эрте келет; жылуу, кар марттын 2-жарымында кетет. Жайы ысык, кургакчыл, июлдун орт . темп-расы 26,5°С. Жылдык жаан-чачыны 500 ммдей; негизинен күз-кыш мезгилдеринде жаайт. Жылдык орт . салыштырмалуу нымдуулугу 52%тей. Күн тийүү узактыгы жылына 2705 саат. Дарылоодо негизинен минералдуу суулар ж-а баткак пайдаланылат. Жалалабаттын дарылык касиети бар минералдык булактары жерг . элге 10-кдан бери эле белгилүү. Суунун хим . анализи алгачкы жолу 1877-ж . алынган. Ошол эле мезгилде округдун аскердик-медициналык инспекторунун талабы м-н ванна ж-а лазарет салынган. Курорт 1900-ж . курула баштаган. 1912-ж . жерг . бай тарабынан Айыпбулакка имарат салынган. Курорттун дарылоочу азыркы жайлары 1954–68-ж . курулган. Мында 75–130 м тереңдиктен бургуланып чыгарылган минералдуу суулары (к. Жалалабат минералдуу суусу) ж-а дары баткагы (к. Жалалабат баткак кени) пайдаланылат. Суулары ваннада, душ алууда, ичүүдө ж-а сугатчылыкта кеңири колдонулат. Курортто муун, борб . ж-а четки нерв системасынын дарттарынан, карын, боор, өт баштыкчасынын сезгенүүсүнөн, тери, бөйрөк, гинекологиялык оорулардан жапа чеккендер дарыланат. Курорттун сыйымдуулугу 505 орун, анын 50 оруну балдарды дарылоого ылайыкталган; курорт поликлиникасы, аэросолярий ж-а климаттык сере бар. Бассейн ж-а айыктыруучу физкультура залы бар бальнеол .-баткак м-н дарылоочу жаңы имарат ишке киргизилди. Курортто 1979-жылдан амбулаториялык дарылоо жүргүзүлөт.