МАНЬЕРИЗМ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
|
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 07:57 учурдагы соңку нуска
МАНЬЕРИЗМ (италянча maniera - манера, стиль) - XVI кылымда Европа искусствосундагы Бийик Кайра жаралуу доорунун гуманисттик маданиятынын кризис учурун камтыган агым. Маньеризмдин негизги эстетикалык критерийи табияттагы кубулушту өзүндөй сүрөттөө эмес, көркөм образдын «манераларынын» ыкмаларын формалдуу түрдө бир жактуу түшүндүргөн жана апыртып көрсөтүүгө негизделген. Маньеризм жашоого ренессанстык көркөм искусствону тартуулаган демократиялык кыртышта өнүкпөстөн, герцогдордун ак сарайларында, феодалдык реакциячыл кырдаалда өнүккөн. Маньеристтер кылыктанган, ыксыз кооздукка толгон, аша чапкан чыгармаларды түзүшкөн. Алар татаал, тандагыч ракурстарды, жылан сымал ийилген фигураларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурушкан.
Маньеристтердин портреттери аткарылыш техникасы боюнча бийик турат, бирок мазмуну боюнча муздак, ачык-айкын эмес. Кайра жаралуу доорунун чеберлеринин, көбүнчө Микеланжело менен Рафаэлдин чыгармачылык принциптерин стилдик норма катары пайдаланганы менен, маньеризм өкүлдөрү алардын гуманисттик идеяларын бурмалашкан. Маньеризм адегенде Италияда, кийинчерээк Франция, Нидерланд искусствосунда өнүккөн.
