МАНУЙЛОВА Ольга Максимилиановна: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera «МАНУЙЛОВА» барагын «МАНУЙЛОВА Ольга Максимилиановна» деп кайра атады) |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 07:52 учурдагы соңку нуска

МАНУИЛОВА Ольга Максимилиановна (30. 10. 1893, Нижний Новгород ш. - 26. 1. 1984, Фрунзе) - скульптор, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү (1954). 1911-жылы Самарканд гимназиясын (алтын медаль менен) жана Ташкент балдар гимназиясын бүтүрүп, 1912-жылы Мюнхенде (Германия) атактуу скульпторлордун, искусство таануучулардын лекциясын уккан. 1913-1916-жылы Москва живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайынын скульптура бөлүмүндө окуган. 1920-жылдан Ташкент сүрөт окуу жайынын окутуучусу. 1928-жылдан Ленинграддагы Борбордук аскер-деңиз жана революция музейлеринин кызматкери. 1934-жылдан Кыргызстанда иштеген. О. Мануилова - көптөгөн эстеликтердин, миниатюралардын автору. Негизги чыгармалары: «Советтик Конституция» (Конституциялык соттун имаратынын бетиндеги барельеф фризи, цемент, 1940), И. В. Панфиловдун эстелиги (гранит, бетон, 1942. А. А. Мануйлов менен бирге), «Чоң Чүй каналын куруучулар» (гипс, 1942), М. Күрөңкөевдин портрети (гипс, 1948), Тоголок Молдого эстелик (гранит, 1963), Кыргыз опера жана балет театрындагы жасалга скульптура тобу (1952-1955), С. Кийизбаеванын портрети (1952) жана башкалар. Медаль менен сыйланган. Бишкек шаарында (Тыныстанов көчөсү, 108-үй дарегинде) О. М. Мануиловага арналган мемориалдык үй-музейи жайгашкан, ал мурда сүрөтчүнүн өнөрканасы болгон. 1973-жылы астероиддердин башкы алкагындагы кичи планетага - «3186 Manuilova» - анын урматына ысым берилген.
