МАНСИЛЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

| (6 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||

МАНСИЛЕР, вогулдар - | МАНСИЛЕР, вогулдар - Россия Федерациясындагы эл, Тюмень облусундагы Ханты-Манси автономия округунун жергиликтүү калкы. Обь дарыясынын сол жээгин (айрыкча Конда, Түндүк Сосьва өзөндөрүнүн куймасын, Берёзов шаарынын аймагын) мекендейт. Айрымдары Свердлов облусунда (түндүк-чыгышында) да жашайт. Саны 11,4 миң киши, анын ичинде 9,9 миңи Ханты-Манси автономиялуу округунда (2003). Манси жана орус тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - православдар. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын 2-жарымында Батыш Сибирь жана Түндүк Казакстан талааларынан жер ооп келгендер биздин замандын 1-мин жылдыгында Прикамья, Приуралья жана Түштүк Зауральянын жергиликтүү жана угор уруулары менен аралашуусу мансилердин этностук негизин түзсө керек.

[[File:МАНСИЛЕР_1.jpg|thumb|Салттуу кийимчен мансилер.]]

[[File:МАНСИЛЕР_1.jpg|thumb|Салттуу кийимчен мансилер.]]

Ошондой эле биздин замандын 2-миң жылдыгынын 1-жарымы - 1-миң жылдыкта мансилердин түпкү теги комилер жана Уралдын чыгышындагы орустар менен тыгыз карым-катнашта болгон. Негизги кесиби - аңчылык, балыкчылык, бугу асыроо. Аялдары - көйнөк, кенен тигилген сатин же нооту чапан, бугу терисинен жасалган тон, башына жоолук салынып, кооздуктарды колдонушат. Эркектер - көйнөк, ыштан, нооту же бугу терисинен капюшону менен туюк тигилген кийим кийишкен. Улуттук тамак-ашы, негизинен балык, сүрсүгөн эт, жер-жемиш. XX кылымдын 20-30-жылдарынан кийин эл чарбасынын башка тармактары өнүккөн. Калктын 45% и шаарда жашап, өнөр жайда иштейт. Интеллигенция калыптанган. Түндүгүндө жана чыгышында мансилердин салттуу маданияты жана тили сакталып калган. | |||
[[Category:5-том,_201-300_бб]] | [[Category:5-том,_201-300_бб]] | ||
23 ноябрь 2026, саат 07:40 учурдагы соңку нуска
МАНСИЛЕР, вогулдар - Россия Федерациясындагы эл, Тюмень облусундагы Ханты-Манси автономия округунун жергиликтүү калкы. Обь дарыясынын сол жээгин (айрыкча Конда, Түндүк Сосьва өзөндөрүнүн куймасын, Берёзов шаарынын аймагын) мекендейт. Айрымдары Свердлов облусунда (түндүк-чыгышында) да жашайт. Саны 11,4 миң киши, анын ичинде 9,9 миңи Ханты-Манси автономиялуу округунда (2003). Манси жана орус тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - православдар. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын 2-жарымында Батыш Сибирь жана Түндүк Казакстан талааларынан жер ооп келгендер биздин замандын 1-мин жылдыгында Прикамья, Приуралья жана Түштүк Зауральянын жергиликтүү жана угор уруулары менен аралашуусу мансилердин этностук негизин түзсө керек.
Ошондой эле биздин замандын 2-миң жылдыгынын 1-жарымы - 1-миң жылдыкта мансилердин түпкү теги комилер жана Уралдын чыгышындагы орустар менен тыгыз карым-катнашта болгон. Негизги кесиби - аңчылык, балыкчылык, бугу асыроо. Аялдары - көйнөк, кенен тигилген сатин же нооту чапан, бугу терисинен жасалган тон, башына жоолук салынып, кооздуктарды колдонушат. Эркектер - көйнөк, ыштан, нооту же бугу терисинен капюшону менен туюк тигилген кийим кийишкен. Улуттук тамак-ашы, негизинен балык, сүрсүгөн эт, жер-жемиш. XX кылымдын 20-30-жылдарынан кийин эл чарбасынын башка тармактары өнүккөн. Калктын 45% и шаарда жашап, өнөр жайда иштейт. Интеллигенция калыптанган. Түндүгүндө жана чыгышында мансилердин салттуу маданияты жана тили сакталып калган.