МАНЕЖ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (13 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p> | <p> | ||
<strong data-text-type="type_1_article_title">МАНЕЖ </strong>( | <strong data-text-type="type_1_article_title">МАНЕЖ </strong>(французча manège) - 1) атты көндүрүү, атчан жүрүүгө үйрөтүү, ат спорт мелдештерин өткөрүү үчүн курулган чарчы аянт же тегерек имарат. Манеждин таманына кум, таарынды же топурак төшөлөт. Үстү жабык тик бурчтуу манеж жолунун <abbr data-short="уз." data-full="узундугу" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">узундугу</abbr> 130 <em>м,</em> тегерегиники 100 <em>м.</em> Ачык манеждин жолу чымдуу, катуу топурактуу, кумдак келет. Азыр манеж ипподромго жакын курулат; 2) цирк манежи - оюн көрсөтүлүүчү диаметри 13-14 <em>м</em> келген тегерек аянтча; 3) спорт манежи - гимнастика, жеңил атлетика <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> спорт-оюндары <abbr data-short="б-ча" data-full="боюнча" data-extended="true">боюнча</abbr> мелдеш өткөрүү, <abbr data-short="о. эле" data-full="ошондой эле" data-extended="true">ошондой эле</abbr> машыгуу, окуу иштери үчүн курулган имарат; дене тарбия <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> спорт окуу жай комплексинин бөлүгү. Ачык манеж тегерек (160-250 <em>м}</em> <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> түз (60-120 <em>м)</em> чуркоо жолу, узундукка, бийиктикке секирүү, ядро түртүү секторлору, волейбол, баскетбол аянттары, спортсмендер үчүн кошумча имараттары, кээде көрүүчүлөр үчүн орундар болот; 4) жаңыдан баса баштаган балдар үчүн жасалган жыгач тосмочо.</p><p></p> | ||
[[Category:5-том,_201-300_бб]] | [[Category:5-том,_201-300_бб]] | ||
23 ноябрь 2026, саат 07:15 учурдагы соңку нуска
МАНЕЖ (французча manège) - 1) атты көндүрүү, атчан жүрүүгө үйрөтүү, ат спорт мелдештерин өткөрүү үчүн курулган чарчы аянт же тегерек имарат. Манеждин таманына кум, таарынды же топурак төшөлөт. Үстү жабык тик бурчтуу манеж жолунун узундугу 130 м, тегерегиники 100 м. Ачык манеждин жолу чымдуу, катуу топурактуу, кумдак келет. Азыр манеж ипподромго жакын курулат; 2) цирк манежи - оюн көрсөтүлүүчү диаметри 13-14 м келген тегерек аянтча; 3) спорт манежи - гимнастика, жеңил атлетика жана спорт-оюндары боюнча мелдеш өткөрүү, ошондой эле машыгуу, окуу иштери үчүн курулган имарат; дене тарбия жана спорт окуу жай комплексинин бөлүгү. Ачык манеж тегерек (160-250 м} жана түз (60-120 м) чуркоо жолу, узундукка, бийиктикке секирүү, ядро түртүү секторлору, волейбол, баскетбол аянттары, спортсмендер үчүн кошумча имараттары, кээде көрүүчүлөр үчүн орундар болот; 4) жаңыдан баса баштаган балдар үчүн жасалган жыгач тосмочо.