МАЙДА ПЛАСТИКА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
[[Category:5-том, | <strong data-text-type="type_1_article_title">МАЙДА ПЛАСТИКА, </strong>кичи пластика, чакан формалардын скульптурасы - көркөм скульптура <abbr data-short="иск-во" data-full="искусство" data-extended="true">искусство</abbr>сунун кеңири тараган өзгөчө популярдуу түрү. Майда пластика адамзат коомунун эң алгачкы башталышында пайда болгон. Аны байыркы турак жайларды казууда кездештиришкен. Булар миниатюралык <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> жасалгалык сапаттагы бышкан топурактан, сөөктөн, жыгачтан оюп, таштан жасалган буюмдар болгон. Майда пластикага тоголок бедиз чыгармалары <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> бирдикте рельефтер: жасалгалык медальондор, эстелик медалдар, глиптика, терракоталык статуетка, <em>Кайра</em> | ||
<em>жаралуу</em> доорунун коло фигуралары, япон нецкеси (XVII кылым), фарфор статуэткалар (XVIII кылым), металл куймалар, элдик оюнчуктардын (XIX-XX кылымдар) кеңири тармагы кирет. XVIII кылымдан Императордук фарфор <abbr data-short="з-д" data-full="завод" data-extended="true">завод</abbr>унун майда пластикасы белгилүү боло баштаган (Санкт-Петербургдагы М. В. Ломоносов <abbr data-short="атн." data-full="атындагы" data-extended="true">атындагы</abbr> фарфор <abbr data-short="з-д" data-full="завод" data-extended="true">завод</abbr>у), Уралдагы Каслинский <abbr data-short="з-д" data-full="завод" data-extended="true">завод</abbr>унун чоюн куймалары, Москва <abbr data-short="обл-ндагы" data-full="облусунда" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">облусунда</abbr> Богородское кыштагынын жыгачтан оюп жасалган оюнчуктары, <abbr data-short="Түн." data-full="Түндүк" data-extended="true">Түндүк</abbr> элдеринин сөөктөн жасаган буюмдары белгилүү. Заманбап көркөм сүрөт <abbr data-short="иск-во" data-full="искусство" data-extended="true">искусство</abbr>сунда кичи формадагы бедизчиликке статуетка же турмуш-тиричилик мазмундагы композиция, столдун үстүндө туруучу портреттик бюст, жаныбарлар дүйнөсүнөн сүрөттөлүш, сувенир сыяктуу эстеликтен аткарылган анча чоң эмес модель жана башкалар кирет. <abbr data-short="Кырг-н" data-full="Кыргызстан" data-extended="true">Кыргызстан</abbr>да «Кыял», «Мурас» элдик көркөм өнөр бирикмелеринде асыл металлдардан, жыгачтан, сөөктөн, булгаарыдан, кийизден, чийден, чоподон жасалган майда пластика белгилүү, караңыз: <em>Жасалга-колдонмо көркөм искусство. </em> | |||
[[Category:5-том,_101-200_бб]] | |||
20 ноябрь 2026, саат 10:01 учурдагы соңку нуска
МАЙДА ПЛАСТИКА, кичи пластика, чакан формалардын скульптурасы - көркөм скульптура искусствосунун кеңири тараган өзгөчө популярдуу түрү. Майда пластика адамзат коомунун эң алгачкы башталышында пайда болгон. Аны байыркы турак жайларды казууда кездештиришкен. Булар миниатюралык жана жасалгалык сапаттагы бышкан топурактан, сөөктөн, жыгачтан оюп, таштан жасалган буюмдар болгон. Майда пластикага тоголок бедиз чыгармалары менен бирдикте рельефтер: жасалгалык медальондор, эстелик медалдар, глиптика, терракоталык статуетка, Кайра
жаралуу доорунун коло фигуралары, япон нецкеси (XVII кылым), фарфор статуэткалар (XVIII кылым), металл куймалар, элдик оюнчуктардын (XIX-XX кылымдар) кеңири тармагы кирет. XVIII кылымдан Императордук фарфор заводунун майда пластикасы белгилүү боло баштаган (Санкт-Петербургдагы М. В. Ломоносов атындагы фарфор заводу), Уралдагы Каслинский заводунун чоюн куймалары, Москва облусунда Богородское кыштагынын жыгачтан оюп жасалган оюнчуктары, Түндүк элдеринин сөөктөн жасаган буюмдары белгилүү. Заманбап көркөм сүрөт искусствосунда кичи формадагы бедизчиликке статуетка же турмуш-тиричилик мазмундагы композиция, столдун үстүндө туруучу портреттик бюст, жаныбарлар дүйнөсүнөн сүрөттөлүш, сувенир сыяктуу эстеликтен аткарылган анча чоң эмес модель жана башкалар кирет. Кыргызстанда «Кыял», «Мурас» элдик көркөм өнөр бирикмелеринде асыл металлдардан, жыгачтан, сөөктөн, булгаарыдан, кийизден, чийден, чоподон жасалган майда пластика белгилүү, караңыз: Жасалга-колдонмо көркөм искусство.