«МАНАС» ЭПОСУНУН МИҢ ЖЫЛДЫК САЛТАНАТЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (14 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
[[Category:5-том,_201-300_бб]] | <strong data-text-type="type_1_article_title">«МАНАС» ЭПОСУНУН МИҢ ЖЫЛДЫК САЛТАНАТЫ - </strong><em>«Манас»</em> эпосун дүйнө жүзүнө таанытуу <abbr data-short="б-ча" data-full="боюнча" data-extended="true">боюнча</abbr> <abbr data-short="мамл." data-full="мамлекеттик" data-extended="true">мамлекеттик</abbr> программанын (1992-2000) атайын бөлүгү. Салтанат 1995-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> 26-30-августта Бишкек <abbr data-short="ш." data-full="шаарында" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">шаарында</abbr> <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> Талас өрөөнүндө өткөрүлгөн. «Манас» эпосунун миң жылдык салтанатын белгилөө <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> ага даярдык көрүүү чүн 1992-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> 26-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин сегиз пункттан турган Жарлыгы жарыяланган. 1994-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> 5-октябрда [[БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ)|Бириккен Улуттар Уюмунун]] (БУУ) Генералдык Ассамблеясынын 49-сессиясында «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо <abbr data-short="б-ча" data-full="боюнча" data-extended="true">боюнча</abbr> төрт пункт кабыл алынган. <abbr data-short="О. эле" data-full="Ошондой эле" data-extended="true">Ошондой эле</abbr> [[ЮНЕСКО]]нун чечими <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> 1995-жыл - «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо жылы деп белгиленген. Салтанатка расмий түрдө президенттер И. Каримов (Өзбекстан), С. Ниязов (Түркмөнстан), Н. Назарбаев (Казакстан), Г. Алиев (Азербайжан), С. Демирель (Түркия), орус өкмөтүнүн вице-премьер министри Ю. Яров жана башкалар катышкан. 28-августта Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын премьер-министри А. Жумагулов төрагалык кылган салтанаттуу жыйын өткөн. 29-августта Талас өрөөнүндө «Манас-Ордо» тарыхый-маданий комплекси ачылган <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> театралдашкан оюн-зоок (сценарийи Б. <em>Жакиевдики,</em> режиссёру Б. <em>Шамшиев)</em> коюлган. Анда [[КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ (КР)|КР]] Президенти А. <em>Акаев,</em> ЮНЕСКОнун Генералдык директору Ф. Майор, Түркия президенти С. Демирель жана башкалар сөз сүйлөп, анда «Манас» эпосу кыргыздын кары тарыхы, катаал тагдыры <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> кошо поэзиянын кайталангыс тили, көөнө дастаны, кыргыз элинин гана эмес, бүт дүйнөлүк <abbr data-short="ад-т" data-full="адабият" data-extended="true">адабият</abbr>тын туу чокусу, көөнөрбөс мурасы, дастандардын эң залкары экени баса белгиленген. «Манас» эпосунун миң жылдык салтанатына арналып, түрктөр <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> бирге «...Ошондо мен “Манас!” деп ураан чакырдым» аттуу толук метраждуу документ фильм <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> кыргыз, түрк, англис тилинде «Манас» иллюстрациялык альбому чыгарылган (түзгөн Т. <em>Океев).</em> | ||
[[Файл:Мана эпосу.jpg|center|thumb|«Манас» эпосунун миң жылдык салтанатын белгилөө ]] | |||
[[Category:5-том,_201-300_бб]] | |||
20 ноябрь 2026, саат 08:44 учурдагы соңку нуска
«МАНАС» ЭПОСУНУН МИҢ ЖЫЛДЫК САЛТАНАТЫ - «Манас» эпосун дүйнө жүзүнө таанытуу боюнча мамлекеттик программанын (1992-2000) атайын бөлүгү. Салтанат 1995-жылы 26-30-августта Бишкек шаарында жана Талас өрөөнүндө өткөрүлгөн. «Манас» эпосунун миң жылдык салтанатын белгилөө жана ага даярдык көрүүү чүн 1992-жылы 26-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин сегиз пункттан турган Жарлыгы жарыяланган. 1994-жылы 5-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Генералдык Ассамблеясынын 49-сессиясында «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо боюнча төрт пункт кабыл алынган. Ошондой эле ЮНЕСКОнун чечими менен 1995-жыл - «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо жылы деп белгиленген. Салтанатка расмий түрдө президенттер И. Каримов (Өзбекстан), С. Ниязов (Түркмөнстан), Н. Назарбаев (Казакстан), Г. Алиев (Азербайжан), С. Демирель (Түркия), орус өкмөтүнүн вице-премьер министри Ю. Яров жана башкалар катышкан. 28-августта Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын премьер-министри А. Жумагулов төрагалык кылган салтанаттуу жыйын өткөн. 29-августта Талас өрөөнүндө «Манас-Ордо» тарыхый-маданий комплекси ачылган жана театралдашкан оюн-зоок (сценарийи Б. Жакиевдики, режиссёру Б. Шамшиев) коюлган. Анда КР Президенти А. Акаев, ЮНЕСКОнун Генералдык директору Ф. Майор, Түркия президенти С. Демирель жана башкалар сөз сүйлөп, анда «Манас» эпосу кыргыздын кары тарыхы, катаал тагдыры менен кошо поэзиянын кайталангыс тили, көөнө дастаны, кыргыз элинин гана эмес, бүт дүйнөлүк адабияттын туу чокусу, көөнөрбөс мурасы, дастандардын эң залкары экени баса белгиленген. «Манас» эпосунун миң жылдык салтанатына арналып, түрктөр менен бирге «...Ошондо мен “Манас!” деп ураан чакырдым» аттуу толук метраждуу документ фильм жана кыргыз, түрк, англис тилинде «Манас» иллюстрациялык альбому чыгарылган (түзгөн Т. Океев).
