«МАНАС» КАМЕРАЛЫК ОРКЕСТРИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (12 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong data-text-type="type_1_article_title">«МАНАС» КАМЕРАЛЫК ОРКЕСТРИ - </strong> | <strong data-text-type="type_1_article_title">«МАНАС» КАМЕРАЛЫК ОРКЕСТРИ - </strong>«Манас» камералык оркестри 1999-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> уюшулган. 2001-жылдан президенттик статусуна ээ. «Манас» камералык оркестрин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, скрипкачы <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> дирижёр Э. Асаналиев <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> музыка таануучу Р. Сырдыбаева негиздеген. «Манас» камералык оркестринин аркалаган вазийпасы расмий иш-чаралардын маданий бөлүмүнө катышуу <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> катар, классикалык музыканы жайылтуу <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> камералык музыканы аткаруу чеберчилигин өнүктүрүү болуп саналат. Оркестрде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери, республикалык <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> эл аралык конкурстардын лауреаттары, К. Молдобасанов <abbr data-short="атн." data-full="атындагы" data-extended="true">атындагы</abbr> Кыргыз улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүлөрү иштешет. Оркестр ата мекендик | ||
([[СССР]]дин эл артисти С. Токтакунова, Кыргыз Республикасынын эл артисттери М. Бегалиев, Т. Жакшылыков, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Н. Нышанов, С. Жумашев, Ч. Төрөбеков жана башкалар) <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> чет өлкөлүк (А. Тебенихин - Казакстан, В. Ослунд - Швеция, Ашу - [[АКШ]], Г. Винишхофер - Австрия) композиторлор <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> аткаруучулар <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> кызматташат. | |||
<p>[[File:«МАНАС»_КАМЕРАЛЫК_ОРКЕСТРИ_1.jpg|thumb]]</p> | <p>[[File:«МАНАС»_КАМЕРАЛЫК_ОРКЕСТРИ_1.jpg|thumb]]</p> | ||
Оркестрдин репертуарын <em>бароккодон</em> заманбап мезгилге чейинки доорлордогу композиторлордун чыгармалары түзөт. «Манас» президенттик камералык оркестринин азыркы көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру - Медет Осмонов. Ал оркестрдин көркөм жетекчилигине '''2024-жылдын декабрь айында''' дайындалган. Буга чейин бул кызматты оркестрдин негиздөөчүсү Эрнис Асаналиев (2023-жылдын апрелине чейин) жана Семетей Султанов аркалап келишкен. | |||
[[Category:5-том,_201-300_бб]] | [[Category:5-том,_201-300_бб]] | ||
20 ноябрь 2026, саат 08:30 учурдагы соңку нуска
«МАНАС» КАМЕРАЛЫК ОРКЕСТРИ - «Манас» камералык оркестри 1999-жылы уюшулган. 2001-жылдан президенттик статусуна ээ. «Манас» камералык оркестрин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, скрипкачы жана дирижёр Э. Асаналиев менен музыка таануучу Р. Сырдыбаева негиздеген. «Манас» камералык оркестринин аркалаган вазийпасы расмий иш-чаралардын маданий бөлүмүнө катышуу менен катар, классикалык музыканы жайылтуу жана камералык музыканы аткаруу чеберчилигин өнүктүрүү болуп саналат. Оркестрде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери, республикалык жана эл аралык конкурстардын лауреаттары, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүлөрү иштешет. Оркестр ата мекендик
(СССРдин эл артисти С. Токтакунова, Кыргыз Республикасынын эл артисттери М. Бегалиев, Т. Жакшылыков, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Н. Нышанов, С. Жумашев, Ч. Төрөбеков жана башкалар) жана чет өлкөлүк (А. Тебенихин - Казакстан, В. Ослунд - Швеция, Ашу - АКШ, Г. Винишхофер - Австрия) композиторлор жана аткаруучулар менен кызматташат.

Оркестрдин репертуарын бароккодон заманбап мезгилге чейинки доорлордогу композиторлордун чыгармалары түзөт. «Манас» президенттик камералык оркестринин азыркы көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру - Медет Осмонов. Ал оркестрдин көркөм жетекчилигине 2024-жылдын декабрь айында дайындалган. Буга чейин бул кызматты оркестрдин негиздөөчүсү Эрнис Асаналиев (2023-жылдын апрелине чейин) жана Семетей Султанов аркалап келишкен.